1.1 C
Бишкек
Среда, 12 января, 2022

Кыргызстанда 30 мектеп курулат жана реконструкцияланат

 Кыргызстанда ERIK долбоорунун алкагында 30 мектеп курулат жана реконструкцияланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган долбоордун алкагында куруу жана реконструкциялоо үчүн мектептердин тизмеси ведомстволор аралык жумушчу топтун отурумунун жыйынтыгы боюнча бекитилген. Отурум 2021-жылдын 26-ноябрында Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн.

Бул тизмеге өлкөнүн бардык облустарынан мектептер киргизилген. Тандалып алынган мектептердин 14ү – авариялык мектептер, аларды сүрүп таштап, кайрадан куруп чыгуу кажет. Дээрлик бардык тандалып алынган мектептерде көптөн бери капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлгөн эмес, бул мектептер сейсмикалык туруктуулук жагынан коопсуз эмес. Алардын көпчүлүгүндө ички ажатканасы жок.

Тандалып алынган окуу жайларда сейсмокоопсуздук жана энергоэффективдүүлүк талаптарын эске алуу менен капиталдык реконструкциялоо жана курулуш жүргүзүлөт, суу менен жабдуу системасыы, санитардык абалы, анын ичинде ички дааратканасы жакшыртылат.

Эске сала кетсек, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган ERIK долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө колдоо көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын эң сейсмокооптуу райондорунда жайгашкан 10 мектепти куруу жана реконструкциялоо үчүн долбоордук документтерди даярдоо боюнча иш жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана курулуш жаатындагы эксперттер кирет.

Окуу жайларды тандап алуу бир нече этапта Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыгып, КР министрлер кабинети менен макулдашылган критерийлердин негизинде жүргүзүлгөн.

Тандап алууда имараттын жайгашкан жеринин сейсмикалуулугу, конструкциялык тиби жана аялуулук даражасы, мектептердин толушу жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу үчүн сарпталган чыгымдардын эффективдүүлүгү сыяктуу параметрлер эске алынган.

“Билим берүү жана илим министрлиги үчүн өлкөнүн окуу жайларынын инфраструктурасын жакшыртуудагы Дүйнөлүк банктын колдоосу абдан маанилүү. Биз ERIK долбоорунун аркасында мектептерибиз сейсмокоопсуздуктун заманбап стандарттарына туура келген жаңы имараттуу болот деп кубанып жатабыз”, – деп белгиледи билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

“ERIK долбоорунун компоненттеринин бири мектептердин имараттарынын туруктуулугун жогорулатуу жолу менен балдар үчүн коопсуз жана жакшы чөйрөнү камсыздоого багытталган. Биздин долбоор өзгөчө кырдаалдардын алдында аялуу болгон 10 мектепте иш жүргүзүп жатат. Биз экинчи этапта дагы 30 мектепти реконструкциялоону пландап жатабыз. Биз бул долбоорго салынган каражаттар өтө көп мектеп окуучуларынын коопсуз билим алышына өбөлгө түзүшүнө умтулабыз”, – деди КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон жумушчу сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 11-12-ноябрь күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы...

Энергосектордогу кризис. Бюджетти бөлүштүрүү рационалдуу жүргүзүлбөйт

"Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо" коомдук бирикмесинин жетекчиси Самат Ибрагимовдун энергетикалык сектордогу бөлуштүрүүчү компаниялардагы коррупция боюнча билдирди. Ибрагимов президенттин алдындагы Антикоррупциялык кеңештин жыйынында бул мекеме тендер...

29 жаштамын, окусам кечпи, же күйөөгө тийе берсемби?

Саламатсыздарбы. Мен ушул жылы 29 жашка толом. 11-классты бүтүп эле Москвага келгем. Келгенден бери жакшы иштеп, үйдү өзүм бүтүрдүм,жакшы условиясы менен. Айлыгымды  алганын алгандай...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...