3.1 C
Бишкек
Четверг, 13 января, 2022

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен бала кезде болгон. Мен ошондо жетинчи класста окусам, ал өлүп-тирилген бала армиядан жаңы гана келип совхоздо иштеп жаткан. Негизинен ит адамга жакын, башка жаныбарларга салыштырмалуу акылдуу да болушат. Тээ илгери таш доорунда биринчилерден болуп адам баласына ит келип жакындашып, анан бизге кызмат кылып кеткенин бардыгыбыз эле эң жакшы билебиз. Ошондуктан иттерди таш менен уруп кубалабай, тескерисинче курсагын тойгузуп сыйлашыбыз керек.

Ошол мезгилде өлүп, иттин жардамы аркылуу кайра тирилип, аман калган бала азыр үйлүү-жайлуу болуп, борбор калаабызда маршрут автобусун айдап эл ташып жүрөт. Мен аны кез-кез көрүп калам калаадан.

Күтүлбөгөн жерден дал эле айылыбыздын орто ченинде жашаган Камилдин үйү жагы ызы-чуу боло айылдыктар ошол жакка топтолуша башташты.

-Эмне болду?

-Камил байкем токко урунуп өлүп калыптыр.

-Тобо, мен аны азыр эле көрбөдүм беле, бир аз кызуу болчу, Канат байке экөө үйүн көздөй кетип баратышкан, мен жолдон учурашкам.

-Эми кырсыкда.

Иштин чоо-жайын билгени арыдан-бери кийине салып, мен да ошол тарапка шашыла жөнөдүм. Топтолушкан көпчүлүк Камилди чечиндирип туруп күлгө көмүп жатышыптыр. Ток энергиясын күл соруп алып жүрөгү кайрадан иштеп тирилип кетеби деп ойлошсо керек.

Аны күл астына бир сааттай кармашты, анан айылдын молдосу “болбойт, мунун денесин күлдөн жакшылап жууп-тазалап туруп жаткыргыла да, жайына узатканга даярдана бергиле” деди. Үйүндөгүлөр ызы-чуу болуп эле жатып калышты. Мен дагы көмөк көрсөтүшүп суу куюп берип жуушкам аны. Бат эле сыртка үйдүн жанына боз үй тигилип, Камилди ичине алып кирип жаткырышты. Ошондон көп өтпөй эле эл өкүрүп келе башташты. Мен кызыктыдай абалда болуп турдум, аны менен азыр эле сүйлөшпөдүм беле.

Көрсө, окуя мындайча болуптур. Камил Канат байке экөө өздөрүнүн үйүндөгү бөлмөдө телевизор оңдоп отурушуптур. Сыягы, Канат байкенин телевизору окшойт. Камил байке телевизорду жакшы оңдочу, бүт айылдыктар ошого оңдотушчу. Камил байкенин жаман жери ошондон түшкөн акчага ичип алчу. Дайыма ичип мас болуп жүрчү. Бул жолкусунда да кызуу кезинде жолуккам деп айтып атпаймынбы. Ал телевизорду розеткага сайган боюнча суурубай унутуп калып оңдой бериптир, мастыкта баары боло берет да. Анан ток урса керек. Эми бул да болсо Кудайымдын буйругу да. Кадимкидей ырым-жырымы жасалып, үч күндөн кийин жайына тапшырылды. Жаназага туруп, топурак салганы мен дагы баргам. Анан үчилик, жетилик деген ырьш-жырымы жасалды. Ызы-чуу кайрадан тынчып, жергиликтүү эл өз тириликтерин өткөрө баштады. Бирок көп өтпөй эле кайрадан Камилдин үйү жактан ызы-чуу башталды.

-Эмне дагы бир нерсе болдубу?

-Болгондо да кандай дейсиң, алиги өлгөн Камил кайра тирилип келиптир.

-Койчу кандайча?

-Ошондойчо, ишенбесең анда өз көзүң менен барып көр.

Жүрөгүм элеп-желеп боло, бир ишенип, бир ишенбей Камилдин үйүн көздөй кадам таштадым. Барсам үйүндө эл көп. Төрдө Камил отурат, кычырап жаңы кийим кийгизип төркү үйгө отургузуп коюптур. Мен таң калып аттым “кантип тирилип кайтып келди?” деп.

Ар бир келген кишиге окуяны атасы өзү айтып берип бабырап отурду. Көрсө, окуя мындайча болуптур.

-Уулумду жайына тапшырып, үчилигин, жетилигин өткөргөндөн кийин эле үйүбүздөгү итибиз бир жакка жоголуп кетип, кайра пайда болуп калып улуй баштады. Өзөчө түн ичинде таң атканча улуп, анан үрүп чыгат. Кайрадан жок болуп кетет.

Иттин улуганы бизге жаман угулуп атты.

-Бул эмне тыбырчылап улуп калган, бир балээнин белгисин туюп жатабы? Деги дагы жамандык болбосо экен, – деп биз дагы итги жаман көрүп кубалап жиберип аттык. Анан эле ал кайра пайда боло калат да, тыбырчылап жер чапчып, асманды карап үрүп, бизди карап үрүп, кээде улуп ийип бир жерге тура албай жаны жай албай жатты.

-Бул итке кутурма тийген жокпу, мунун көзүн курутсаңарчы, башкаларга жугуп кетпесин.

Атүгүл аны мылтык менен атып өлтүрмөкчү да болгонбуз. Ал арсылдап үрүп мүрзө тарапты көздөй жүгүрүп кетет дагы, кайра жүгүрүп келип үрө баштайт. Бир нерсени терең баамдаган сексен жаштагы тиги Сагындык карыя баарыбызды колу менен жаңсап токтотуп итке кылдат карады.

-Коё тургулачы, бул ит жөндөн жөн тыбырчылап үрүп аткан жок, ал бир нерсени сезип үрүп атат. Бул эмнеге мынчалык жанталашып үрүп жатат болду экен?

Биз иттин артынан ээрчигенде, ал дароо эле алдыга түшүп алып жүгүрүп жөнөдү. Биз болсо анын соңунан жөнөдүк. Ал түптүз эле айыл четиндеги мүрзөлөр жакка багыт алды. Жүрөгүбүз түпөйүл тарта иттин артынан ээрчип жүрүп отурдук. Ал мүрзөлөрдү аралап чуркап барып түз эле Камилдин жаңы гана үйүлгөн топурактарынын жанына келди дагы, улуп-уңшуп топурактарды челе баштады. Эч нерсеге түшүнбөй туруп калдык. Кез-кез жер алдынан угулар-угулмаксан үн пайда болуп кеткенсип атты. Ошондо гана Сагындык карыя мүрзөдөгү жаңы үйүлгөн дөбөнү кайра казууга буйрук берди. Көп өтпөй айылдын имамын, молдолорду кошо алып келишти. Атүгүл айылдык участкалык милициясы да жетип келиптир. Анан молдонун уруксаты менен көрдү кайрадан казып ачтык. Ичинен уулум Камил кадимкидей жылмая тарта чыгып келе жатпайбы. Көрсө, ток уруп өлгөндөн кийин ным топуракта жата берип, топурак токтун барын өзүнө соруп алып уулум кайра калыбына келсе керек. Мунун баарын жүрөгү сезип-туйган итибизге миң мертебе рахмат.

Ал болбосо… Кудайыма тобо, уулумдун али ичээр суусу бар экен. Ошо күнү алар маркумдарга арнап кой союп куран окутушту, анан тойго айлантышты. Мына, андан бери канча жыл өттү, Камилди өлүмдөн алып калган ал ит эбакта эле оо дүйнөгө кеткен. Итти эстеген эч ким деле болгон жок. Ал эми Камил байке болсо үй-жайлуу, үй-бүлөлүү аман-эсен калаада жашап жатат. Кээде “ошол өзүн аман алып калган итти эс-тейт болду бекенби?” деп да ойлоп коём. Бир күнү жолукканда, ошол иттин эмне болгонун сурайын деп жүрөм. Ошондуктан иттерди дагы сыйлашыбыз керек. Короочу болуп үй кайтарат, мал кайтарганга жардам беришет. Өзүнүн ээсине гана берилип кызмат кылат. Ушул ит жылында иттерге өзгөчө көңүл бөлөлүчү, туугандар.

Булак: “Шамбала”

Айзада муунуп каза болду, көрсө …

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Президент Мээрим менен Айперини жеңиши менен куттуктап жазды

Бүгүн, 8-октябрь Президент Садыр Жапаров спорттун күрөш түрү боюнча дүйнө чемпиондугунда биринчиликти багындырып алтын кур тагынган Мээрим Жуманазарова менен коло байгенин ээми Айпери Медет...

Апам жездемдин устунө отуруп алып, аны атам көрүп калып…

Саламатсызбы! Менин башымдан өткөн окуя менен бөлүшө кетейин деп чечтим. бул көп жыл мурунку окуя. Атам апам мен болуп тайэжемдин  үйүнө бардык. Ал жактан...

Жылдыз Жолдошева: Динара, сен “аферист”, “жинди чалыш”, “келесоо”, элин, жерин сүйбөгөн акмаксың

 Саясатчы Жылдыз Жолодошева адвокат Динар Саметке жооп берди: “Урматтуу мекендештер, өзү “жинди чалыш” (ненормальный” адамга көңүл бурбай койгону оң… Бирок, тилекке каршы ошондой “адамдарга” кээде коомчулук...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...