-2.9 C
Бишкек
Понедельник, 24 января, 2022

Өмүрбек Текебаевди сабап кеткендер изделүүдө

Саясатчы Өмүрбек Текебаев кол салуу фактысы боюнча милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга 1-декабрь күнү саат 15:30дар чамасында «Парк-отелдин» жанында белгисиз адамдар Текебаевдин денесине залал келтиргени тууралуу маалымат түшкөн.

Саясатчы мейманкананын имаратынын жанында болгон, ага белгисиз адамдар тобу келип, физикалык күч колдонуп, 10 миң сомдук телефонун тартып алып, денесине залал келтиришкен.

Текебаев Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен жазуу жүзүндө арыз жазган.

Бул факты Биринчи Май РИИБнин ЭПККсына катталып, 201-берененин 2-бөлүгүнүн 1-бөлүгүнүн 3-бөлүгүнүн 3-пункту (Алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же бир топ адамдар тарабынан каракчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Денеге келтирилген жаракаттын оордугун аныктоо максатында иштин жагдайы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык жасалган жосундун кошумча квалификациясы жөнүндө маселе чечилет.

Милиция бул кылмышты жасаган белгисиз адамдарды издеп жатат.

Буга чейин саясатчы Өмүрбек Текебаев ага кол салуу болгонун билдирген. Окуя 1-декабрда түштөн кийин «Парк-отель» мейманканасынын жанында болгон.
Социалдык тармактарда саясатчыга кол көтөрдү делген жаштардын сүрөттөрү тарады .

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Мэрдин орун басары Азат Узабеков депутаттарга жакпай калды

Бишкек шаардык мэринин орун басары Азат Узарбековду сыртын салганы үчүн жазалоону депутаттар талап кылышты. Маалыматта, Бишкек шаардык мэриянын архитектура жана жер боюнча орун басар Азат...

1-майдан баштап мектептер кайрадан аралыктан окууга өтөт

Жалал-Абад шаарында коронавируска байланыштуу абал күн санап курчуп жаткандыктан бүгүн шаардык штабдын отурумунда бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма...

Үчүнчүсү! Дагы бир “Тазалык” ишканасынын кызматкерин өлтүрө сүздү

Бүгүн, 4-январда, Шабдан баатыр көсөсүнөн "Тазалык" ишканасынын кызматкерин өлтүрө сүзгөн. Ал алган жаракатынан улам каза болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...