-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Мадумаров: “Ысык-Көл” мейманканасынын жерин кытай инвесторлоруна убада кылып коюшкан

Саясатчы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкектеги “Ысык-Көл” мейманканасынын бузулуп жатканына байланыштуу видеокайрылуу жасады. Ал мейманкананын бузулушу ага караштуу жерге жана кытай инвесторлору катышкан долбоорго байланыштуу болушу ыктымалдыгын айткан.

“Кеп “Ысык-Көл” конок үйүнө караштуу болгон жер жөнүндө. Ал жерде чоң жер бар. Демилге кайдан чыкканы да бир аз белгилүү. Себеби, кезинде 2008-2009-жылдары кытай инвесторлору менен ошол жерге имарат курабыз деген долбоор бар болчу. Ошол долбоорго Акылбек Жапаровдун дагы тиешеси болуш керек. Бул имарат тарыхый, архитектуралык мурастардын бири болушу керек эле. Республикалык деңгээлде болбосо дагы, борборубуз Бишкектин деңгээлиндеги тарыхый-архитектуралык, маданий имарат болушу керек эле. Аны ким чыгарды ал тизмеден, эмне үчун чыгарды? Бул чоң маселе. Ушунчалык кургусу келип колдору кытышып атса, 11 жылдан ашып бараткан, борборубуздун так ортосунда жайгашкан, күйгөн абалда турган башкы прокуратуранын имараты бар. Эмне үчүн ошону курса болбойт? Бүтүн турган нерсени сөзсүз бүлүндүрүш керекпи?”, – деген Мадумаров.

Өкмөт мындай билдирүүгө комментарий бере элек.

Президенттин иш башкармалыгы Бишкектеги “Ысык-Көл” мейманканасынын имараты көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалга келгенин, имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу жана башкаларга коркунуч туудурарын 24-декабрда кабарлаган. Таратылган расмий маалыматта, мейманкананы кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга кетчү сумма талап кылынары айтылган. Президенттин иш башкармалыгы анын ордуна эмне салынары тууралуу маалымат берген эмес.

2019-жылы “Ысык-Көл” мейманканасынын имаратына өкмөттүн аппаратын көчүрүү сунушталган. Анда имаратты оңдоп-түзөөгө 60 млн. доллардан ашык каражат сарпталары айтылган.

Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө жайгашкан сегиз кабаттуу комплекс 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган.

Башкы беттеги сүрөт Айгүл Насирдинованыкы

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Бир жылда үч ирет камалган Курсан Асанов “күнөөсүн” моюнга албай жатыптыр

Абактагы Курсан Асанов коюлган айыптардан баш тартып, “күнөөсүн” моюнга албай жатыптыр. “Төңкөрүш жасоого даярданган” деген аудиозаписти тааныбай жатканын кабарлашты. Бул боюнча көз карандысыз экспертиза...

“Бадыраң министри” Тилек Токтогазиев кимдин планын ишке ашырганы жүрөт?

Былтыр октябрь айында элдер бир кудайдын пендеси менен тааныш болуп калышты. Анын аты жөнү Тилек Токтогазиев. Анткени шайлоого чейин аты жыты белгисиз неме эле,...

Кыргызстанда кош бойлуу 28 аял коронавирустан каза болду

2020-жылы Кыргызстан эне өлүмү боюнча Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунга чыкты. Бул жылы жалпы 54 кош бойлуу аял каза болду....

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...