10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

Максат Кунакунов: “Акүйдөгү саясатчылар – аферисттер жана жемкорлор”

«Мыйзам 93» демилге тобунун төрагасы менен маек.

 1993-жылы кабыл алынган Конституцияга кайтуу керектигин айтып келесиз. Ага эмне үчүн кайтуу керек жана андан эмне табабыз?

— Адегенде, бул – мамлекетибиздин мыйзамдуулукка кайтуу жолу. Анткени, легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган Конституция эки жылдан ашык эл арасында талкууланып отуруп, эл аралык эксперттер жана лингвистика, тарых окумуштуулардын жардамы менен жазылган чыныгы элдик Башмыйзам болгон. Ал Конситуциянын мыйзамдуулугу талашсыз. Ал эми легендарлуу парламент Конституцияны кабыл алгандан кийин, ага ылайык жаңы парламент шайланыш үчүн тараган. Бирок, легендарлуу парламент таркагандан кийин президент Аскар Акаев өзүнүн указы менен конституциялык кеңешмени чогултуп, ал кеңешмеге өзүнүн кишилерин дайындап, Конституцияга президенттин укугун кеңейтүүчү өзгөртүүлөрдү киргизип, аны референдум аркылуу элге таңуулаган. Бул мыйзамсыз иш. 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Конституцияда “конституциялык кеңешме” деген түшүнүк да жок. Конституцияны бир өзгөртүү үчүн Жогорку Кеңештин төрттөн үч бөлүгү макул болушу керек эле (бирок парламент ал кезде жок, тарап кеткен), же болбосо элдик демилге топтолуп, кайра кароону Жогорку Кеңеш гана дайындаш керек эле. Акаев мына ушундай көз боёмочулукка барып, мыйзамдуу жолдон туура эмес жакка кайрыган. Мындан кийин биздин мамлекет мыйзамдуу жолго кайткан эмес.

 Азыркы Конституциянын алмашылышы, иштелип чыгуусу, негизи эле баардык тараптан алганда мыйзамсыз демилге болуп калдыбы? Эгер ал кабыл алынса, кандай мүчүлүштүктөр орун алышы мүмкүн?

— Бул Конституцияны киргизүү дагы мыйзамсыз болуп калды. Анткени бул бийлик да так эле ошондой, Акаев баштаган жолго түштү. Президенттин указы менен кайра эле баягы мыйзамсыз конституциялык кеңешме чогултулду. Ошондой эле мыйзамсыз сунуштар, мыйзамсыз иш-аракеттер болууда. Эл менен кеңешпей да коюшту. Ошол конституциялык кеңешмеге кишилер кандай негизде дайындалды? Бирөөлөр аларды тандадыбы же шайладыбы? Элдин арасында шайлоо болдубу, “Конституция жазганы барсын” деп? Бул биздин мамлекетибиздин укуктуулугуна жана мыйзамдуулугуна оор сокку (!) дегенди билдирет. Мыйзамдуулукту мыйзамсыз жол менен орноштуруу мүмкүн эмес. Жөн эле карандай күчкө салып, жеке тааныштык менен шашылыш түрдө кабыл алган Башмыйзам иштебейт. Анын негизинде кызыкчылык гана иштеп калат. Бир саясый күч мамлекеттеги бийликти толугу менен узурпациялоодо.

 Сунушталып жаткан Конституция долбоору учурда Жогорку Кеңеште каралып жатпайбы. Депутаттар дагы аны шашылыш түрдө жактырып, кабыл алып беришеби же?..

— Бул саясатчылар кычыган талаада канча жылдан бери келе жатышат. Булардын өз кызыкчылыктары бар. Анткени алар Акүйдүн мафиясы болуп алышкан. Аларга президенттик башкаруубу, парламенттик башкаруубу, айырмасы жок. Бул мафиянын башы алмашса алмаша берсин, денеси алмашпайт. Бүгүн бирөөсү келет, эртең башка баш болсун, булардын кылган иши баары бир эле нерсе – Кыргызстанды талап-тоноо. Бир канча саясатчылардан турган бул мафия эртең башка киши келсе дагы анын башын айлантып, салган жолдон кайтпай кете беришет. Азыркы Акүйдү бийлеген саясатчылар булар – аферисттер жана жемкорлор. Ошон үчүн бийлик канча алмашса дагы, булар баягы эле ишин кылып келе жатышат. Бул мафиянын өзөгү Акүйдө терең отурукташып калган.

 Эл президенттик башкаруу системасын тандап алды. Башкаруунун бул формасы жөнүндө пикириңиз кандай?

— Өткөн референдум – бул чындыгында ачык эле көз боёмочулук.

— Мамлекеттин башкаруу формасы деген эмне?

— Белгилүү болгондой, учурда эң көп кездешкен мамлекеттин башкаруу формалары бул — республика жана монархия. Биздин мамлекеттик башкаруу формабыз республикалык.

Демек, ушул жылдын 10-январында болуп өткөн референдумда бизден, Кыргыз Республикасынын жарандарынан, “кандай башкаруу формасын тандоо референдуму” деп туруп, такыр эле башка нерсени (мамлекеттик башкаруу аппаратынын түзүмүн) сурап алышты. Президент тарапчылдар өздөрүнө көп бийликти сурап алышты. Эгер мамлекеттик башкаруу формасы деп туруп, “республикабы же монархиябы?” деп сураса, анда башкача болмок.

Макул, терминдер тараптан бийлик аксап турса дагы, «мамлекеттик башкаруу формасы» деп бизге эки гана түзүмдү сунушташты: республиканын президенттик башкаруу түзүмүн же парламенттик башкаруу түзүмүн сурашты. Бирок мурда айтып өткөндөй, республиканын аралаш түзүмү тууралуу сурашкан жок. Же ак, же кара (!) деп туруп алышты. Эмнеси кара, эмнеси ак?

Мындан тышкары, шайлоочулардын кайдыгерлиги. Жартысынан көбү референдумга коюлган суроо боюнча өз ойлорун билдирген да жок, же билдирбей коюшту. Бул – мамлекеттин сурамжылоосуна ишеними жок дегенди билдирет.

Мээрим Асанова 

“Азия Ньюс” гезити

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Баткенде баңгизат сатууга шектелип Тажикстандын жараны кармалды

Мыйзамсыз баңгизат сатуу менен алектенген чет элдик жаран Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Жаштык айылынын аймагында Тажикстан...

Жапаров: «Биз биргеликте мындай бизнес-практикаларга каршы турушубуз керек»

Бүгүн 12-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров БУУнун эгидасы астында уюштурулган биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясынын катышуучуларынын он бешинчи кеңешмесинде (КС-15) видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу...

Күйөөгө тийип кеттим деп айткан келин Чүйдөн табылды. Ал каардуу кайненеден корккон

Дайынсыз жоголгон 23 жаштагы О.Б. аттуу келинди милиция таап үйүнө алып келди. Бул тууралуу анын кайненеси билдирди. Анын айтымында, келини Чүй облусунун Беловодское айылында, энесинин...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...