10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

«Манас» эл аралык аэропортунун тагдыры эч нерсени эптей албаган эки эрендин колунда!

«Манас» эл аралык аэропортунун башчысы Бактыбек Сыдыков ээлеген кызматынан кеткенден кийин анын ордун маркум Ташболот Түлеевди аталаган, Нариман Түлеевди агалаган, “Сапаткомду” сагалаган, башына иш түшкөндө аларды сатып кеткен Бакыт Шаршеев бүгүнкү бийликтин тилин тапты.

Дегенибиз, өзүн бактылуу сезген Бакыт Шаршеев бул бийликке “мурдагы “Ата Журт” партиясы менен бир акырдан жем жегенбиз” деп дооматын артып жатып, шайлоодо биртике ары-бери чуркамыш болуп штаб ачып, штабка башчы боло калды.

Кызыгы, жыйынтыгында президент Жапаровго “нарындыктардан сизге добуш алып бердик” деген шылтоо менен энчисине эки анжы болуп турган аэропортко аттанышып, кайрадан кызматка келишти.

Андан да эң кызыгы, булар ачкан “Эйр Кыргызстан” компаниясы мамлекеттикиби же Жолдош Токторбаевдикиби? – деген ой жаралат…Анткени, буга чейин аталган компаниянын кеңсесин Токторбаев Алмазбек Атамбаевге президенттик шайлоодо штаб кылып ачып иштесе, кийин ушул эле имаратта алар СДПК партиясына эки жолу кулдук урушкан. Арада мурдагы президент С.Жээнбековго төшүн тосо калган жайы бар. Соңунда “азыркы бийликке оппозияциямын” деп төшүн каккан Жеңиш Молдокматовдун “Замандаш” партиясынын жеке штабы да боло калган.

Коомчулукту таң калтырганы “Замандаштан” багы ачылбаган Жолдош Токторбаев Шаршеевди “шарит этип”, ээси кеткен бийликтин эбин табышты.

Ошентип, Маргунов менен Вицин эки чунак ээрчишип бири жетекчи, бири этекчи болуп “Манас” аэропортун ээлеп жатып калышты. Ток этээрин айтканда өлкөдөгү темирдин баарын Кытайга сатып байыган, “Сапатком” уюлдук байланышын “банкрот” кылган, “Эйр Кыргызстан” мамлекеттик чоң учак компанияны талкалап, тамтыгын чыгарган эргулдар эгиз козудай ээрчишип “Манас” аэропортуна барды.

Эми “Эйр Кыргызстан” мамлекеттик компаниянын түбүнө жеткен эргулдар “Манасты” кыйратабы деген суроо жаралат?

Эх, агалар, бийлик менен мансап үчүн Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы Алиярбек Абжалиевдин кызын келин кылып алдыңыз. Жыйынтыгында ээрчишкен эки жигит бийлик эмнелерди гана кылбады…?

Аталган кызмат боюнча түшүнүгү такыр жок, эки эрендер мамлекеттик кызматка келе берсе өлкөнүн тагдыры эмне болот?

Жакынкы аралыкта эзилишкен эки достун саясатка болгон “махабат” секиригин кайрадан улантабыз.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек: Эл суранып жатат, Кудай буюрса шайлоого катышам

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси, жеке ишкер, жергиликтүү кеңештердин бир канча чакырылышынын депутаты,  Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңешке аттанып жатыптыр. Бул боюнча кечээ, Канышай...

Сокулукта 50 жаштагы киши кошунасынын 10 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылган

Милиция кызматкерлери шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы Сокулук районунун тургуну коңшусунун 10 жаштагы кызын үйүнө азгырып келип зордуктоого аракет...

Кыргыз танкисттери Россиядагы “Танк биатлону – 2021” таймашынын жеңүүчүсү болду

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн танк экипаждарынын курамасы Россиянын Алабино аскер машыгуу полигонунда өткөн “Танк биатлону – 2021” таймашынын жеңүүчүсү болду. Кыргызстандын командасы биатлондун экинчи дивизионунда күчүн...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...