-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Медицина, маданият, искусствонун кызматкерлеринин айлыгы 50%га жогорулады

Садыр Жапаровдун айтымында, мурдагы жылдарга салыштырмалуу бюджеттин кирешелери өстү.

Анын айтымында, пандемия шартындагы кырдаалга карабастан, бардык социалдык төлөмдөр кечиктирилбестен өз убагында каржыланып жатат.  Ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешелери 129 млрд сомду түзүп, план 107 пайызга аткарылды. 2020-жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу бюджеттин кирешелери 43 пайызга өскөн.

Ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 127,7 млрд сомго аткарылды жана 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көбөйдү. Ал эми 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштыргада 26 пайызга өстү. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү менен, учурдагы этапта бир катар бюджет чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акыларын, жөлөк пулдардын жана пенсиялардын өлчөмүн жогорулатууга мүмкүн болду. Алсак, ушул жылы саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы категориясына жараша 50 пайызга чейин, маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайызга жогорулады.

Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин жана Чек ара кызматынын кызматкерлеринин эмгек акылары орточо алганда 40 пайызга көбөйдү. Кийинки жылдын 1-январынан тартып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинин кызматкерлеринин эмгек акылары орточо алганда 40 пайызга, ошону менен катар эле Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын адистеринин эмгек акысы 40 пайызга жогорулайт жана мугалимдердикин дагы жогорулатабыз деген планыбыз бар.

Бюджет чөйрөсүндөгү башка кызматкерлердин да эмгек акыларын жогорулатуу иштери бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша улантылат.

Мындан тышкары ар айлык социалдык жөлөкпул алган балдардын жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жөлөк пулдардын өлчөмдөрү ушул жылдын 1-октябрынан 50 пайызга көтөрүлгөн, 2022-жылдын 1-январынан тартып 100 жана айрым категорияларга 200 пайызга жогорулатылат.

Ошондой эле пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлдү.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Таласта 59 жаштагы тургун 13 жаштагы кызды зордуктап жаткан жеринен кармалды

Талас районунун Каракол айылынын 59 жаштагы тургуну 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине айылдаштары билдиришти. Маалым болгондой, окуя жайкы каникулдагы эс...

Акылбек Жапров 18га айдоо жерин курулушка өткөрүп берди

Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында жайгашкан жерлер айыл чарба категориясынан калкты жайгаштыруу категориясына өткөрүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол...

“Башына ок тийген”. Алматыдагы баш аламандыкта 4 жашар кыз каза болду

Алматыдагы баш аламандыкта 4 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу Orda.kz билдирди. Маалыматка ылайык, Айдос Мелдихандын 4 жаштагы кызы Коркемайга 6-январь күнү кечинде унаада...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...