-6.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

“Мен шпион эмесмин”. Токтобүбү Оргалча жарандыгы жана Айгүл Жапарова тууралуу айтты

Жанар Акаевдин ордуна Жогорку Кеңешке “Альянс” партиясынан депутат болуп катталган Токтобүбү Оргалча өзү тууралуу тараган маалыматка комментарий берди. Анын кайрылуусунун видеосу YouTube сайтына жарыяланган.

Анын айтымында, БШК аны Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттагандан кийин коомчулукта ал тууралуу “түрдүү кептер” чыга баштаган.

“Мени уйгур, кытай, жада калса тыңчы деп чыгышты. Бул туура эмес. Мен Ат-Башыдан чыккан Черик уруусунун нукура кызымын. 1916-жылы Үркүн учурунда чоң атамдар Кытайга качышкан. Таятам Ат-Башынын Талды-Суу деген айылынан. Чериктерди билбесеңер, Манасчы Жүсүп Мамай да ушул уруудан экенин эскертип коеюн. Мен ошолордун небереси болом”, – деди Оргалча.

Мен Кыргызстандын жарандыгын алгандан кийин дароо кытай жарандыгынан баш тарткам.

Биринчи айым менен дос деп маалымат таратышыптыр. Айгүл Жапарованы өмүрүмдө жанынан көгөн эмесмин. Мен аны кээде сыналгыдан гана көрөм. Алардын туугандарын да тааныбайм.

“Мен үчүн Жанар Акаев өз инимдей. Ал мени шайлоодо колдоду. Үгүт иштеринде Кадамжайга чейин чогуу аймактарды кыдырдык. Экөөбүздүн ортобузда эч кандай түшүнбөстүк жок. Кудайдын буйругу менен ушундай чечилип калды. Мыйзам боюнча, аялдардын квотасы менен мен келип калдым. Эч кимге өтпөй калдым деп арызданган эмесмин. Штабга да эч качан барган эмесмин”, – деди Оргалча.

Аны жерден алып-жерге чаап, жаткандарын айтып, мындан көрө бири-бирибизди чукуй бербей, ишке өтөлү деп сунуштады.

Эскерте кетсек, БШК Жогорку Кеңештеги депутаттык мандаттын 30%дан кем эмесин аялдарга калтыруу боюнча токтомунун негизинде Жанар Акаевдин ордуна Токтобуба Оргалчды каттаган.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаев дагы шайлоого катышмай болду

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 4-октябрга карата бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутаттыкка 92 талапкерден арыз түштү. Алардын арасында мурдагы Ички иштер министри...

Күйөөм көңүл ачкан кыздар убактылуу сен биринчи орундасын дейт

Жолдошум акыркы кезде үйгө көп тунөбөй калды. Үчүнчү балам боюмда бар.  Өткөндө телефонунан бирөө менен жазышканын окуп калып чыр чыгардым. Күйөөм болсо : “Ал...

Тай-Мурас Ташиев: «Саясатка аралашууга өтө эрте деп ойлойм»

Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Тай-Мурас Ташиев 4-октябрда мандатын тапшыруу тууралуу арыз берди. Бул тууралуу Ташиев «Клоопко» өзү тастыктады. Ал мунун себебин «бизге...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...