1.1 C
Бишкек
Суббота, 4 декабря, 2021

Мени күйөөгө бербей окуткан апама өмүр бою ыраазымын

“Кызым окуйт!” Ар дайым канатына калкалап басып жүрчү. “Сен эмне каалайсың?” Менден ушинтип сурайт. Кыялдарымды айтып берем. Унчукпай угуп отурат. Оңдобойт. Тек гана “сөзсүз ошондой болот” деп жооп берет.

Атам бар, бирок мени менен иши жок. “Кызым, курсагың токпу” деген сөзүн бир дагы жолу уккан жокмун. Достору үй-бүлөсүнөн кымбат. Апама деле жарытып сүйүү берген жок. Кайра көңүлүн оорутуп жаман сөздөрдү айтат.

– Апа, жүр атамдын кетип калабыз.

– Кызым, мен сендей күчтүү эмесмин, мен алсызмын.

– Эмнеге?

– Мени ушинтип тарбиялашкан.

Таежелерим, чоң ата же энелерим, жеңелерим менин окушума каршы чыгышты. Кудайдын куттуу күнү үйгө келишет. 11-классты бүтөрүмө аз калган. “Кыз кишинин окубай эле койгону жакшы”, “сени күйөөң багат”, “шаарга кыз киши барса бузулат”, “окуп жатып күйөөгө тийип кетсең окууң калып калат” ж.б. Ыйлатышат. Ошондо апам чуркап келет:  “Кызым окуйт! Өзүнүн жанын өзү багат. Мен окубай минтип кор болуп жүрөм. Ачка калсам дагы окутам!” Анан кайра апама асылышат.

Алар кеткенден кийин апам чачымдан сылап, “мен тирүү турганда аларды укпа” дейт.

– Апа өттүм!

– Ыя, угулбай жатат, эмне дейсиң, кызым, аллоо…

– Апа, окууга өттүм.

– Айланайын, чын элеби, садагаң болоюн…

Ал трубканын ары жагында, мен бери жагында ыйлап жаттык.

Айылга жетип бардым. Жолдон достору менен каткырып турган атамды көрдүм. “Ата, окууга өттүм” десем, эмнени кыйратмак элең дегенсип унчукпай койду. Үйгө кирсем апам жети токоч бышырып жатыптыр. Чуркап чыгып бетимден өөп ыйлады. Мына менин жакшылыгыма сүйүнгөн тек гана адамым.

Мен азыр өз жанымды өзүм багам. Эч кимден көз каранды эмесмин. Билимим, жумушум, жакында баш кошчу сүйүктүүм бар. Эң негизгиси өзүмдүн оюм бар. Бул үчүн апама рахмат.

Апа, сага рахмат. Туугандардын сөзүнө кирип күйөөгө берип койсоң, тагдырым эмне болмок, эч ким билбейт. Мен үчүн ааламга каршы чыктың. Бир убакта алсызмын дедиң эле. Жок, сен менден дагы күчтүүсүң. Сен менден дагы акылдуусуң. Сенин кызың болгонум үчүн сыймыктанам. Апоу, мен сени жакшы көрөм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Рахат: “Күйөөмдүн досу менен жатып алдым…”

Менин атым Рахат, жакында эле жолдошум менен эки бөлөк жолго түштүк. Ал ичип алганда эле кол көтөрүп, уруп-сабап салчу. Стресс болуп, боюмдан дагы түшүп...

Эки кудагыйдын чечими аялым экөөбүздүн никебизди сактап калды

– Жүрүңүз кудагый, экөөбүз өзүнчө барып сүйлөшүп келели. – Жүрүңүз, антпесек болбой калды. – Биз кеч келебиз, күтпөй жата бергиле. Келинчегим экөөбүз түнү менен уктабай отурдук. Экөө...

Орусияда L-410 учагы кыйрап, каза болгондор бар

L-410 үлгүсүндөгү эки моторлуу жүргүнчү учагы Ируктск облусунда авариялык жагдайда конгон. Бортто 14 жүргүнчү жана экипаждын эки мүчөсү болгон. Үч жолоочу жана бир учкуч...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...