-2.9 C
Бишкек
Понедельник, 24 января, 2022

Министрлер кабинети коррупция тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартибин бекитти

Министрлер кабинети коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартибин бекитти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөө бул иш боюнча ордун толтуруудан жана мамлекеттин кирешесине түшкөн каражаттардын суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө (бирок бир миллион сомдон көп эмес) жүргүзүлөт.

Сый акы төмөнкү учурларда төлөнөт:

– комиссиянын чечими менен ырасталган коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат тийиштүү адам тарабынан берилгенде;

– мыйзамдуу күчүнө кирген, акыркы болуп саналган жана даттанууга жатпаган соттук актысы бар болсо;

– коррупциялык укук бузуу менен мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулганда.

Эгерде коррупциялык укук бузуу фактысы тууралуу билдирген адамдын маалыматынын негизинде, бир билдирүүнүн алкагында бир нече кылмыш аныкталса, сый акы зыяндын орду эң көп өлчөмдө толтурулган кылмышка карата төлөнөт.

Андан соң токтомго ылайык, жоопкер кызматкер тарабынан тийиштүү документтер түзүлүп, тийиштүү укук коргоо, көзөмөлдөө органынын жетекчиси тарабынан жети адамдан кем эмес сандагы түзүлгөн комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт.

Комиссия тийиштүү адам тарабынан коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат берүү фактысын текшерет жана материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча 10 жумуш күндүн ичинде органдын жетекчисине сый акыны төлөө жөнүндө өтүнүчтү же жүйөлөнгөн баш тартууну киргизет. Мында баш тартуу тийиштүү адам тарабынан коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат берүү фактысы ырасталбаган учурда комиссия тарабынан чыгарылат.

Органдын жетекчиси комиссиянын өтүнүчү келип түшкөндөн кийин 10 жумуш күндүн ичинде коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөө үчүн негиз болгон сый акы төлөө жөнүндө буйрук чыгарат.

Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Sars-CoV-3: «Жаңы вирус адамдарга жугуп, пандемияны чакырышы мүмкүн»

Sars-CoV-2 коронавирусу адамдан жаныбарга жугуп, бир нече жолу мутация болгондон кийин кайра жаңы Sars-CoV-3 коронавирусу пайда болуп, ал адамдарга илешип, жаңы пандемияны чакырышы ыктымал....

Октябрь айында абанын табы 20 градуска жетет

Өлкөдө 14-октябрдан тарта абанын табы 13-15 градусука чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу кыргызгидромет билдирет. Маалыматка ылайык, 15-16-октябрь күндөрү 20 градуска жетери күтүлүүдө. Октябрь айынын экинчи жарымында...

«Кыял» тасмасы Казакстанда «Мыкты сценарий» сыйлыгын алды

«Кыял» фильми Казакстандагы «Байкоңур» кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалында «Мыкты сценарий» сыйлыгын алды. Кинофестиваль 8-12-сентябрда Алматы шаарында өткөн. Фильмдин сценарийин режиссёр Чыңгыз Самудин уулу өзү...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...