-5.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Министрлер Кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй менен жолугушту.

Акылбек Жапаров белгилегендей, биздин өлкө Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттер аралык мамилелерди жана көп кырдуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана келерки жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет.

«Бул жылдар аралыгында өз ара аракеттешүү аркасында өлкөлөр коңшулук, достук, ишенимдүү мамилелерди куруп жана сактап келүүдө. Биздин кызматташтыгыбыз эки өлкө элинин түпкү таламдарына жооп берген бардык маселелер боюнча өз ара колдоо көрсөтүү жана туруктуу өнөктөштүк менен мүнөздөлөт», – деди ал.

Ал Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда берилген гумантирдык жардамга, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Акылбек Жапаров кыргыз тараптын биргелешкен инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, өз ара сооданы өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын баса белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи, бул биз үчүн стратегиялык мааниге ээ жана республиканын транзиттик өлкөгө айланышына мүмкүндүк берет.

Акылбек Жапаров ошондой эле «Бир алкак – бир жол» доктринасы алкагында кызматташууну мындан ары активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй өз кезегинде эки өлкө ортосунда эки тараптуу мамилелердин жана ар тараптуу кызматташтыктын жогорку деңэгээли орун алгандыгын белгиледи.

«Кытай Эл Республикасы келечекте Кыргыз Республикасы үчүн ишенимдүү кошуна жана өнөктөш бойдон кала берет. Биз мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз», – деди ал.

Ли Хуэй белгилегендей, кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээли жалпы региондун коопсуздугун камсыз кылууга маанилүү салым кошууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрүү пункттарында жүк ташуу көлөмүн жогорулатууну талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кылмыш иши кыскарды

5-апрелде уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекова боюнча кылмыш иши кыскарды. Маалыматка ылайык, буга 27 жаштагы кызды кыйнап өлтүргөн Замирбек Теңизбаев өз жанын да кыйганы...

Күйөөм кош бойлуу кезимде жалгыз таштап кеткен, эми кечир дейт…Эмне кылсам?

Мындан үч жыл мурун ак көйнөк кийип, дуркүрөгөн той денен турмушка чыккам. Эки айдан кийин тойдун акчасын төлөш үчүн күйөөм мени ээрчитип Москвага кеттик....

Россиянын полициясы сабаган кыргыз жигиттин достору окуя тууралуу айтып беришти

Россияда полиция тарабынан токмоктолгон 21 жаштагы Кыргыз жаранынын достору окуя тууралуу айтып беришти. Алардын кайрылуусун блогер Ринат Усупбаев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады."Бул окуяны өзүңүздөр...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...