-5.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

ММК: Тажик милициясы митингге чыккан жарандарын атып салды

Хорогдо ОМОНдун кызматкерлери митингге катышкан үч кишини атып салышты.

“Азия-Плюс” басылмасы билдиргендей, Хорогдун жана шаардын четиндеги райондордун тургундары шаардын борбордук аянтына чогулушкан. Алардын талабы Рошткалиндик райондун тургуну Гулбиддин Зиебековду атып салган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу болчу.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, бүгүн, 25-ноябрда, саат 11:30да укук коргоочу органдын өкүлдөрү Зиебековдун үйүнө келишкен. Алар аны карап кетүүнү көздөшкөн. Бирок Зиебеков каршылык көрсөтүп, мушташа кеткен.

“Анын үйүндө эч кандай курал жок болчу. Биз көргөнбүз”, – деп күбө айтып берди.

Гулбиддинди ур токмокко алып, жарадар бойдон машинеге салып кетишкен. Андан кийин анын өлүмүн жарыялап, сөөгүн шаардык аянтка алып келишкен.

Басылмалардын бири берген маалымат боюнча митингге келген Тайгун айылынын тургуну укук коргоочу органдарга каршылык көрсөтүп, алардын аракети мыйзамсыз экенин айткан. ОМОНдун кызматкерлери ок чыгарып, аны жана дагы эки кишини атып салышкан.

Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун прокуратурасынын басма сөз кызматы 25-ноябрда Шохдар айылында Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинде каралган кылмыштарды жасаган деген айып менен издөөдө жүргөн Зиебековду кармоо боюнча укук коргоо органдары тарабынан операция жүргүзүлгөн. Ал Кылмыш кодексинин “Барымтага алуу жана улуттар аралык кастыкты козутуу” беренеси менен айыпталган. Камакка алынып жаткан учурда Макаров тапанчасы менен куралдуу каршылык көрсөткөн, деп билдирди.

Хорог шаары Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун түштүк-батышында орун алып, батыш тарабынан Афганистан менен чектешет. Душанбеден 525 км аралыкта, ал эми Оштон 730 км аралыкта жайгашкан.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Соттук экспертиза Атамбаевдин оорулары олуттуу эмес деген тыянак чыгарды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотундаэкс -президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча соттук териштирүү уланууда.Жыйындын жүрүшүндө судья Азирет Медеров Алмазбек Атамбаевге дайындалган соттук медициналык корутундуну окуп...

Садыр Жапаров март айында Өзбекстанга барат

Бүгүн, 27-февралда Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолукту. Бул тууралуу...

“Ордо” партиясынын лидери кайда? Милиция издеп жатса, аялы токтотууну суранды

29-ноябрда "Ордо" партиясынын мүчөлөрү алардын лидери Мирбек Мияров 28-ноябрда, шайлоо күнү дайынсыз жоголгонун жарыялашкан.Какtus.media сайтына Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, бул факты...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...