-3.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Мурунку күйөөм жаңы турушумду бузуп жатат. Эмне кылсам?

Мурун бай адамдын уулуна турмушка чыккам. Атасы чоң кызматта иштейт. А уулу болсо (мурунку жолдошум), бизнес менен алектенет.
Канат экөөбүз бири-бирибизди жактырып турмуш курганбыз. «Бай жигитке турмушка чыксам, бактылуу жашап кетем» деп ойлогом, бирок андай болбоду. Жыл айланып кыздуу болдук. Башында баары жакшы болчу. Бирок сюрприздер алдыда күтүп жаткан экен.
Соңку күндөрү жолдошум командировкага көп кетчү болду. Кээде жумалап жоголуп кетет. Чалсаң өчүк, интернетке да кирбейт. Дайыма «Эмне ишиң бар? Иштеп жатамбы, курсагың ток, кийимиң бүтүнбү жата бер да» деп кыйкырып кутулчу. Бир күнү адатынча кызуу келип, эрте уктап калды. Телефонун акырын алып, ачып карасам көп кыздар менен сүйүү катын жазышыптыр. Арасында уят жазышуулар да бар эле. Телефонун ордуна коюп, кызымды көтөрүп алып башка бөлмөгө барып жаттым. Түнү таң сөгүлгөнчө уктай албай, көзүмдүн жашын он талаа кылып боздоп чыктым. Арадан эки-үч күн өтүп, дагы эки күнгө жоголуп кетти. Кийин келгенинде чай үстүндө суроо бердим.
— Канат, кайда жүрдүң?
— Эмне болуп кетти?
— Билем… сени канча айдан бери кайда барып, эмне кылып жүргөнүңдү.
— Билсең эмне сурап жатасың?
— Жашасак жөн жашайлы, болбосо мага талак бер. Мындан ары чыдай албайм.
— Жыргап жашай бербейсиңби, эмне жетпейт сага?
— Канат, түшүнөсүңбү?.. Кеп акчада, кеп байлыкта эмес. Мен аялың катары жаныңда эркелеп жатып, мээримиңе сугарылгым келет. Кучагыңда алсыз болуп, сага ишенип, сага гана берилгим келет. Сенин сүйүүңө зармын. Мен сени эч ким менен бөлүшкүм келбейт…
— Ырахмат де үйгө келип жатканыма. Калганы менин ишим, кийлигишчүү болбосо. Болбосо…
— Болбосо эмне? Анда талак бер мага!
— Талак! Талак! Талак! Мен сени сүйбөйм уктуңбу? Эртең менен чыгып кет! — деп үйдөн кетип калды. Жерге бүгүлө түшүп, өпкө-өпкөмө тийбей ыйлап жаттым. Көз жашка муундум…
Ошентип арадан эки жыл өттү. Жолдошум кызым экөөбүздүн артыбыздан келбеди, кабарлашпады. Эки жылдан кийин кызымды апама тыштап, Москва шаарына мигрант болуп келдим. Ушул жерден Абайга жолугуп, аны менен сүйүү мамилемди баштадым. Өтө жөнөкөй, адамгерчиликтүү жигит экен. Абай эки айдан кийин эле үйлөнүү сунушун киргизди. Апам менен кеңешип, анын кеңешин алгандан кийин ага турмушка чыгууга макул болдум.

Той деле өткөргөн жокпуз. Тойго кетирчү акчага бизнес ачууну туура көрдүк. Москвадан арендага чакан кафе алып, иштете баштадык. Бир жыл ичинде аябай байып кетпесек да, бутубузга туруп кеттик. Кызымды да жаныма алып алгам. Абай менен кызым чыныгы ата баладай. Бирин бири катуу жакшы көрүшөт. Чыныгы аялдык бакытты Абай тартуулай алды.
Соңку айда жашоомдо Канат кайра пайда болуп, коркутуп-үркүтүп, жашообузга тынчтык бербей келет. Бир нече жолу милицияга кайрылдык. Андан деле майнап чыкпады. Жүрөктүн жарасы эми айыгып бара жатканда мурунку жолдошум кайрадан жашоомду бузабы? Эмне кылам?

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Жапаров ата-энесинен айрылган балдардын пенсиясын көтөрдү

Жапаров ата-энесинен айрылган балдардын пенсиясын көтөрдү. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Аталган чечим Президенттин «Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын...

Тажикстанды чегирткелер каптап жатат

Тажикстандын Айыл чарба министрлиги чегирткелер айдоо аянттарынын 83 миң 944 гектарына жайылгандыгын билдирди. Учурда 67 миң гектарга жакын аянтта химиялык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Чегирткелер менен...

Аялыма жаталы десем, эмнеге дароо келбей турганын эми түшүндүм

окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Калп...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...