-6.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Музыкант Викрам тууралуу президенттин басма сөз катчысы пикирин билдирди

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы боюнча пикирин билдирди.

«Бизди бир катар чет элдик маалымат каражаттарында кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахыновду Казакстанга митингдерге катышуу үчүн келген деструктивдүү элемент катары көрсөтүүгө аракет кылган басылмалар тынчсыздандырат.

Азыркы оор кырдаалда Казакстандын тиешелүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзүүсү маанилүү.

«Учурда эки мамлекеттин Тышкы иштер министрликтери жана Ички иштер министрлиги аркылуу Викрам Рузахуновдун кармалышынын жагдайын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат”, — деди КР президентинин басма сөз катчысы.

Буга чейин казакстандык маалымат каражаттары кармалган адам митингге катышуу үчүн Кыргызстандан учуп келгенин айткан сюжетти көрсөткөн. Анын айтымында, «белгисиз адамдар» ага 90 миң теңгеге митингге катышууну сунушташкан. Кармалган жаран 2-январда буга чейин Алматыда болгонун айткан. Аны батирге алып кетишкенден кийин, ал жерде Тажикстандын, Өзбекстандын жарандары да (онго жакын адам) болгон.

Туугандарынын айтымында, кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыда гастролдоп барып турчу. Жаңы жылдын алдында ал Алматыга концерттик программаларды өткөрүүгө чакырылган. Алматыга билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынып, 2-январда саат 20.00дө Алматы шаарына учуп кеткен.

Учурда Ички иштер министрлиги Викрам Рузахуновдун кармалышынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Жогорку Кеңешке жаңы жүздөр келет, алар ким?

Шайлоо өнөктүгүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин өлкөбүздүн баардык аймактарында калк менен жолугушуулар өтүп жатат. Жакында ошондой жолугушуулардын бири Токтогул шаарында болуп...

Чолпонбек АБЫКЕЕВ, мамлекеттик катчы: «Көзү өткөндөргө сыйлык берилбейт!»

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата бир топ чыгармачыл адамдар мамлекеттик сыйлык менен августтун аягында сыйланышкан. Анда Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу»...

Уу коргошун ичип ууланган алгачкы бейтап катталды

Борбор калаадагы №10 кичи районунун тургуну бүгүн айтылган Ысык-Көл тамырынын эритмесин ичкенден кийин өзүн жаман сезген. Бул тууралуу профессор, медицина илимдеринин доктору, КРСУнун Базалык...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...