-3.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Нефтетрейдерлер ассоциациясы: Ноябрда дизелдин баасы 8-10 сомго чейин көтөрүлөт

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы ноябр айынан тартып күйүүчү майдын баасы 9-10 сомго көтөрүлөөрүн билдирди.

Ассоциациянын президенти Канат Эшатов билдиргендей,  кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон бензиндин тоннасын мурда 600 доллардан алса,  сентябрда 700 долларга чыккан. Ушул учурда баалар 800-820 долларга чыкты. Бул Кыргызстанда келерки айдагы бааларга таасир этет.

«Компаниялар азыр Орусияда келишим түзсө, куду ушул өскөн баалар менен түзүлүүдө. Алар алган күйүүчү майлар ошо менен эки аптадан кийин, башкача айтканда ноябрдын баштарында келет. Натыйжада бензин менен дизелдин баалары азыркыга салыштырмалуу 8 сом 90 тыйындан баштап 9-10 сомго чейин көтөрүлөт. Ноябрдын баштарында аз-аздан кошулушу мүмкүн, бирок айдын аягында баа ушул көлөмдө өсөт», — деди ал.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы мурдагы божомолунда күйүүчү-майлоочу майлар октябрда 1,-1,5 сомго чейин баа кошорун эскерткен эле. Соңку баалар көрсөткөндөй, бул жоромол туура болуп чыкты. Муну алдын алуу үчүн бул тармактагы ишкерлердин уюму бензинге акциздик салыктын ченин убактылуу төмөндөтүүнү жана дизелдик отунду импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотууну Министрлер кабинетинен суранган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул күндөрү бензиндин А-95 үлгүсү 61,50 сом, А-92 үлгүсү 56,95 сом, А-80 үлгүсү 54,19 сом, дизел отуну 51,66 сомдон сатылууда.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясына жалпы он чакты компания мүчө. Алардын ичинде «Газпромнефть-Азия», «Бишкек петролеум», «Роснефть», «Партнёр Нефть» сыяктуу компаниялар негизги импортерлор болуп саналат. Өлкөдө ассоциацияга кирбеген ушул багыттагы дагы бир нече ишкана өз алдынча иш алып барат.

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Быйылкы эсептер жылдын жыйынтыгында аныкталат.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

«Ооганстанда тынчтык орносо, Кыргызстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүк ачылат»

Ооганстанда «Иран сценарийи» болуп кетсе, Кыргызстанга бул өлкө аркылуу Пакистанга электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындай пикирин КР Улуттук стратегиялык институтунун мурдагы кеңешчиси Бакытбек Жумагулов «Маралдын» эфиринде...

Ысык-Атада бир тууганын өлтүрүүгө шектелип аял кармалды

Ысык-Атада киши өлтүрүүгө шектелип анын бир тууган эжеси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү Ысык-Ата РИИБине Сары-Жон айылындагы...

Видео. Караоке-клубдун күзөтчүлөрү конокторду сабап салышты

Восток-5 кичи районунда жайгашкан түнкү клубдун күзөтчүлөрү эсепти төлөбөй качып кетүүгө аракет кылгандыгы үчүн кардарларды сабап салышкан. Бул тууралуу Телекүзөт программасы жарыялады. Кадрда бир нече...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...