1.1 C
Бишкек
Суббота, 4 декабря, 2021

Ноокатта 9-класстагы окуучу кызды эки киши уурдап, укол сайып, чачын кыркып кетишти (Сүрөт)

Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылында 9-классты аяктаган окуучу кызга 2 киши белгисиз укол сайып, чачын кыркып кетишти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Кыздын атасы А.Н. ал кишилердин максатын, кызына кандай укол сайышканын биле албай жатканын, окуя кандай болгонун айтып берди.

«Кайыңды айылына Папан тарап менен барат. Бирок Ноокатка карайт. 28-март күнү үйүмдө конокторду сыйлап, эми узатайын деп калгам. Саат 15:30дан өтүп калганда жабырланган кызымдан кийинки кызым келип, «Батма (аты өзгөртүлдү) жок» деп калды. Бизден бир аз алысыраак жакта агам жашайт эле, алардыкына кеткен го деп ойлодук. Бирок ал жакка адам жиберсек, алардын үйүндө да жок экен. Конокторум да баары угуп, дароо жөнөп калышты. Менде кызымды ала качып кеткен окшойт деген гана ой болду. Борбордук айылга унаам менен туугандарды алып жөнөдүм. Жолдо аларга «айылга силер бара жатасыңар го, эгер атамдын үйүнө алып качкан адамдар барып калса, кызды тез алып келип коюшсун» дедим дагы, мен өзүм артка кайттым. Үйгө жакындаганда эле ызы-чуу, ыйлаган үндөр чыгып калды. Тосмодон кантип секирип өтүп жетип барганымды билбейм. Кирсем кызым шок абалда, чачы кыркылган, суу абалда турат. Сүйлөй да албадым, дароо райондук ооруканага алып жөнөдүк. Жолдон сурасам, бир киши сүйрөп барып тосмодон далдоо жакка алып өткөнүн, укол сайышканын айтып жатып өзүн жоготуп койду», – деди атасы.

Кыз атасына аны 56-58 жаштар чамасындагы киши чачынан сүйрөп, суудан алып өтүп, короо тарапка алып барып, тосмодон өткөргөнүн айтып берген. Ал жакта дагы бир киши күтүп турган. Ал «сен башкасын алып келип алыпсың го» деген. Кыздын сүйлөй албаган дудук эжеси бар. Андан соң сүйрөп барган адам кыздын чачын бычак менен кыркып, желим баштыкка салып, колунун эки тамырына укол сайышкан. «Бир аз уктаган соң кетип каласың» дешкен. Бири-бирине «бут кийимиңдин изине топурак сээп кой, бол унаа күтүп калды» деген сөздөрдү уккан. Алар кеткен соң, короодон селкана (тоодон сел келгенде тосуп калчу жер) тарапка чейин келип, жерге жатып калган. Жакын туугандарынын бири эшектеримди карышкыр жеп кетпесин деп айдаганы барганда көрүп, алып келген. Учурда шектүү катары 4 адам кармалды. Алардын бирөөсү үйүндө чай ичип жүргөн адам болуп чыкты.

«Кызымдан ооруканада анализ алышкан. Эртеси экспертизадан өткөрүштү. Шектүү катары биздин тоо жакта токойчу болуп иштеген кишини, дагы үчөөнү кармап, сурак алып жатышат. Кызымды кармап кеткен киши негизи көп жылдан бери ичкилик ичкен адам. Ал кызыма «эгер бирөөгө айта турган болсоң, иниңди майдалап союп салам» деп айтыптыр. Сурак учурунда тергөөчүлөр «ушул кишиби?» десе, коркконунан жок деп коюптур. Кийин жолдо бара жатып, «Ата, көзүмө иним эле көрүнүп туруп алды. Ошол киши болчу» деп жатпайбы. Менин 6 кыз, 2 уулум бар. Ошого корккон окшойт», – деди кыздын атасы.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев бул маалымат боюнча учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын, психологиялык жана медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкса толук маалымат бериле турганын айтты. Жабырлануучу кыздын айтканы канчалык деңгээлде чын же жалган экени эксперттер тарабынан аныкталып жатканын кошумчалады.

Аталган кыз 9-классты бүткөндөн кийин билим алган эмес. Быйыл 10-класстын окуучусу болмок.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Чаткалда 6 жаштагы бала сууга агып кетти

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал дарыясына алты жаштагы бала түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бала байкеси менен...

“Уялчаак” депутат Камчыбек Жолдошбаев кайрадан депутат болууга ниеттенүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев депутаттык мандат үчүн кайрадан шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Ал өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары арыз берди. Бул тууралуу БШК кабарлады. Жолдошбаев...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...