-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилди

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Социал-демократтар” партиясынан талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти. Бул тууралуу чечимди БШК 24-ноябрдагы отурумунда кабыл алды.

БШК мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги жөнөткөн каттын негизинде кабыл алган. Министрлик Момбеков 1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырганы жана 2003-жылы окуу жайды бүтүргөнү тууралуу архивдик материалдарда документтер табылбаганын билдирген.

Билим берүү министрлиги Рыскелди Момбеков көрсөткөн дипломдун каттоо номери 2003-жылы бухгалтериялык каттоо адистиги боюнча башка адамга берилгенин аныктаган. Ошондой эле, министрлик Момбековдун биринчи диплому жасалма болгондуктан экинчи диплому мыйзамсыз экенин билдирген.

“Социал-демократтар” партиясынын өкүлү диплом боюнча маселе сотто каралышы керектигин, сот чечими чыкканча Момбековдун шайлануу укугун чектебей турууга чакырды.

Буга чейин атайын кызмат Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алганы боюнча БШКга маалымат берген. Атайын кызмат Момбеков бул жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи жогорку билимге ээ болгон деп билдирген.

Саясатчынын өзү мындай айыптоону кескин четке кагып келет. БШК жыйынында Момбеков дипломдор жоголуп кеткени, бирок Дипломатиялык академиянын дипломунун көчүрмөсү бар экенин айткан.

Рыскелди Момбеков – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ал 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого “Социал-демократтар” партиясынан талапкер болуп бараткан.

2021-жылы кабыл алынган жаңы Шайлоо мыйзамына ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек. “Ата Мекен” партиясы аталган норма адамдын конституциялык укугун чектейт деп Конституциялык сотко кайрылган.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Кар жаайт. 14-ноябрга карата аба ырайы

Эртең, 14-ноябрда тоолуу райондордо каар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Маалыматка ылайык, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт,...

Кайнагамды бага берип тажадым, ага катын токтобой койду

Жолдошум эки бир тууган. Улуу кайнагам, андан кийин эле менин жолдошум. Кайната эки жыл мурун каза болуп калды. Кайненем биз менен турат. Кайнатам турган...

20 киши көз жумду. Пакистанда катуу жер титирөө катталды

Пакистандын Белужистан провинциясында катуу жер титирөө катталып, кеминде 20 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Маалыматка ылайык жер титирөө бүгүн, 7-октябрга...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...