10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

СҮРӨТ – Үсөнбаевдеги сойкуканалар: Батирин ижарага берген аял бир нече кылмышка шектелүүдө

Бишкек шаарындагы Үсөнбаев көчөсүндө жайгашкан №3 үйдөгү бир батирдин ээси (аял киши) кармалды. Аны жашоочулар сойкукана уюштурган деп айыптап чыгышкан. Бул тууралуу Баракелде басылмасы жазып чыкты.

Бүгүн, 26-февралда Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 1971-жылы туулган А.З аттуу жаран кармалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милициянын маалыматына караганда, анын үстүнөн А.К аттуу жаран арыз менен кайрылган. А.К.нын айтымында, 2020-жылдын 22-июнунда А.З. жана башка адамдар кафенин жайкы террассасынан 14 желим отургучка зыян келтирип, арыз ээсине 35 миң сомдук чыгым тарткан. Жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факт Жазык кодексинин 201-беренеси (Каракчылык) менен КЖБРга катталган.

«Мындан тышкары А.З. Жазы кодексинин 167-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен шектелүүдө. Тергөө учурунда А.З.нын башка кылмыштарга дагы тиешеси бар экендиги аныкталды. Ага карата Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык), 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон», – деп билдиришти РИИБден.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Үсөнбаев көчөсүндөгү бир нече батирде сойкуканалар уюштурулганы айтылган. Сойкуканалар 2000-жылдын башында ачылган. Ал жерде сойкулар кардарларды кабыл алышчу. Тургундар сойкукана уюштургандар менен 2000-жылдан бери күрөшүп келишкен жана айрымдарын жаптырууга жетишишкен.

Калгандары жашоочулар менен болгон бир нече жолку ызы-чуудан кийин сойкуларга жана алардын кардарларына батирлерди ижарага берүүнү уланта беришкен. Нааразы болгон тургундар милициядан жана жергиликтүү бийликтен бул көйгөйдү чечип берүүнү талап кылып, нааразычылык акциясына да чыгышкан. Соңку нааразычылык акциясы январь айынын аягында болгон.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Жасалма документтерди колдонуу менен коттеджди 40 миң АКШ долларына саткан

2021-жылдын 30-сентябрында жасалма документтерди колдонуу менен «Э.И.У.» аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ал жасалма документтерди колдонуу менен жеке...

Пресс-катчы: Президенттин атын жамынган талапкерлер жоопкерчиликке тартылат!

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун атын жамынган талапкерлер жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Маалыматка ылайык, бул өзгөчө КР Жогорку Кеңешинин...

“3 миңден ашуун катталуучу катардан чыгып”. Рафаэль Физиев кайрылуу жасаган видеосун өчүрүп салды

UFC мушкери Рафаэль Физиев мындан ары беттештерге Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында чыкпаарын айтып кайрылуу жасаган видеосун социалдык тармактагы баракчасынан өчүрүп салды. Видео жарыяланары менен дароо кызуу талкууга...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...