-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Садыр Жапаров эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенин түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров бир мандаттуу округ боюнча өз добушун Равшан Жээнбековго берген. Бюллетенди өлкө башчысы автоматтык эсептөөчү үкөккө салып жатканда сүрөткө тартып алышкан.

Президент саясатташтырбагыла, деп эскертип, өзүнүн тандоосун төмонкүчө түшүндүрдү:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Мага көптөгөн дос-тааныштарым суроо берип, айрымдары добушуңузду Равшан Жээнбековго бербестен мага берип койсоңуз эмне болот элеңиз деп таарынып жатышат.

Ооба. Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөлүү эмес экенин укук коргоо органдары менен сот чечет. Алардын иштерине кийлигишкенге эч кимибиздин акыбыз жок. Мындан ары система анан мыйзамдар так иштеш керек. Кыргызстандыктар ошого көнүшүбүз керек.

Ал эми эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенимдин себеби төмөнкүчө.

Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу анысына карабай мусапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары, Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин ахыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышам деп арыз бергем. Бирок мени Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан болсо катышып жатат. Балким өтүп кетсе, камактан чыгып калаар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок. Кудай өзү көрүп турат.

Саясатташтырбагыла. Антип менин бюллетенимди журналисттер сүрөткө тартып аларын билгенимде сагыраак болмок экем”, – деп өлко башчысы социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Кыргызстандагы эң көп пенсия канча деп ойлойсуз? Жообу

Эң аз пенсияны эмгек стажы жок кыргызстандыктар алат. Каражаттын суммасы 1,5 миң сом экени айтылды.Кыргызстандагы эң көп пенсия 179 миң сом экендигин Sputnik Кыргызстандын...

Рыскелди Момбековдун диплому жасалма болуп чыкты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Социал-демократтар” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков «экинчи жогорку билимин биринчи жасалма диплому менен мыйзамсыз алганын» билдирди. Бул...

Россия: Авиабилеттер 1 рублдан сатылат

Россияда бир рублга сатылуучу авиабилеттер пайда болот. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Россиялык Nordwind авиакомпаниясы 18 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө авиабилеттерди дээрлик бекер...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...