0.1 C
Бишкек
Понедельник, 17 января, 2022

Садыр Жапаров “Кумтөрдөн” түшкөн таза киреше январга карата 300 миллион долларга жетерин билдирди

Бөлүшүү:

Кыргызстан “Кумтөрдүн” үзүрүн келерки жылдан тартып көрө баштайт жана январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетет деп болжолдонууда.

Бул тууралуу бүгүн 19-декабрда Жалал-Абадда жергиликтүү эл менен жолугушууда президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчысы “Кумтөр” 100% Кыргызстандын колунда экенин, кол коюу процедуралары гана калганын, кол коюларын, эч кандай проблема жок экенин айтты жана кирешеге келерки жылы айлык-пенсия көбөйтүлүп, бир катар долбоорлор каржыланарын белгиледи.

Ишканада жылына 1 миллиард долларлык алтын казыларын айткан Жапаров ал акчанын жарымы компаниянын өз чыгымдарына жумшаларын, калганы таза киреше экенин кошумчалады жана май айынан берки 200 миллион долларга жакын таза киреше азыр “Кумтөрдүн” эсебинде турганын айтты:

““Кумтөрдүн” акчасынын үзүрүн, Кудай буюрса, Жаңы жылдан кийин көрөбүз. 300 миллион доллар менен январь айына киребиз. 30 жылдын тарыхында мындай болбоптур. Ошону бөлүштүрүп беребиз. Завод-фабрика салганга, дыйкандарга насыяга, жолдорго… Январь-февралда бөлүштүрүп берсек, марттан тартып иштер башталат. Облустарга, райондорго беребиз. 1-апрелден баштап эмгек акыны көбөйтөбүз. Пенсия-жөлөкпулга да дагы кошобуз. Мугалим, медик, милиция, аскер кызматкерлеринин айлыгын жогорулатабыз”.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү быйыл май айында өз карамагына алган.

“Центерра” кен Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин 5-ноябрда билдирип чыккан. “Кумтөр Голд” компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

“Кыргызкөмүр” ишканасы эмне үчүн азыр арзан көмүр сатылбай жатканын түшүндүрдү

Борбор калаанын соода түйүндөрүндө 3 миң сомдук көмүр түгөнүп, мындан ары сатылбайт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.Тема боюнча:Арзан...

Бишкекте эркек киши терезеден секирип, каза болду

Бүгүн, 24-декабрда саат 13:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун жанындагы беш кабаттуу үйдүн терезесинен 45-50 жаштар чамасындагы эркек киши секирип кеткен. Ал көз...

Маматалиев: Азырынча кандайдыр бир оюндар болууда деп эсептейбиз

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты. Талант Мамытов мындай чечимге макул эместигин билдирип, БШКнын чечимин жокко чыгаруу...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...