-6.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Садыр Жапаров теле жана радио кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Маалымат таратуунун ыкмалары жана элге жеткирүүнүн жолдору өнүгүп, атаандаштык күч алып жаткан мезгилде сиздер аркалаган кесиптин орду өтө бийик.

Өнүгүүнүн демократиялык жолунда бара жаткан өлкөбүздө коом турмушундагы окуяларды чебер чагылдыруу, аны бейтараптык жана калыстык менен айкалыштыруу бир топ эмгекти талап кылат. Эң негизгиси, сиздер коомдук пикирди калыптандырууда өрнөк боло турган туура багыт аркылуу элге таалим-тарбия берип, агартуу жаатында дагы чоң милдетти аткарып келесиздер. Ошондуктан, биринчи кезекте, элдин купулуна толгон жагымдуу жаңылыктар, таасирлүү каармандар тууралуу жогорку деңгээлдеги берүүлөрдүн көп болуусуна тилектешмин.

Жашап жаткан доорубузда не деген олуттуу окуялар, жетишкендиктер болуп жатат, эл ичинде ар кыл кесиптин не деген мыкты ээлери бар! Алар – сиздердин маектешиңер, ал турсун сырдашыңар болуп келүүдө. Алар менен калкты байланыштырып, телеберүүлөрдүн, радиоуктуруулардын сапатын көтөрүү сиздердин колуңуздарда.

Ошол эле учурда биз эфир сыртында эмгектенген кызматкерлерди да унутпашыбыз керек. Алар обого чыкпаса да, сапаттуу материал даярдоодогу орду өтө чоң.

Ошону менен катар мамлекет жарандарыбыздын маданий жана маалыматтык керектөөлөрүн телерадио берүү каражаттары аркылуу канааттандыруу үчүн бардык шарттарды түзүп, ар тараптан колдоо аракетинде экенин белгилейм.

Урматтуу телекөрсөтүү жана радио уктуруу кызматкерлери!

Сиздердин ишиңерге болгон кесипкөй, жаратман, олуттуу мамилеңер Мекен тынчтыгын, эл ынтымагын сактоого, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошо берерине ишенем.

Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуудагы ары кызыктуу, ары түйшүктүү ишиңерди албан-албан ийгиликтер коштосун! Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт тилейм! Кесипкөй ишмердигиңиздер арта берсин!”

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Бир суткада Россияда 686 бейтап коронавирустан көз жумду

 Акыркы сутканын ичинде Россиянын аймагында коронавирустан дарыланып жаткан 686 бейтап каза тапты. Алардын ичинен 70 бейтап Москва шаарында, 63 бейтап Санкт-Петербургда катталган, деп билдирди өлкөнүн ыкчам...

Боз үйдө аза тартып отурсам, сыртта туугандар мага жаңы күйөө издеп жүрүптүр

Бул окуядан бери бир канча жыл өттү. Ошол учурдагы абалымды айтпасам деле түшүнүп турсаңар керек. Мен туугандарымды жамандайын деп жазып жаткан жерим жок. Болгону,...

Милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Ош шаардык ишки иштер башкармалыгынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...