-7.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Садыр Жапаров: Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо

“Альянс” партиясынан талапкерлигин коюп алдын ала жыйынтыктар боюнча Жогорку Кеңешке өткөн талапкер Жанар Акаев, квотанын айынан депутаттык мандаттан кур калды. БШК 15-декабрда токтомго өзгөртүү киргизип, ага ылайык, 7 мандат алган партия 3 орунду аял кишиге берүүгө тийиш. Буга чейин 2 орун аялдарга берилчү.

Мындай өзгөртүү эки гана талапкерге таасирин тийгизди, алар: Жанар Акаев жана Токтобүбү Оргалча. Анткени өзгөртүлгөн токтомго ылайык, Оргалча Акаевдин ордуна депутат болот.

Жанар Акаве бул боюнча социалдык тармакка жеке пикирин жазган. Ал “Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин, бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук!” – деген баа берип, “Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер силердин уятыңарда болсун!” деп жазган.

Бүгүн, 17-декабрда президент Садыр Жапаров жеке аккаунтунан ага жооп кайтарды:

“Ар кандай саясий маселелерге байланыштуу ушак сөздөргө көңүл бурбай, жооп бербей эле коеюн дедим эле. Бирок айрым учурларда жооп бербесең, калктын калың катмары мындай чындыкка коошпогон кептерден күмөн санап, айрымдары болсо ишенип алышат экен.

Айлана-чөйрөмдөгүлөр “жооп бербей эле коюңуз, буларга жооп бериш сиздин деңгээл эмес” деп чыгышат. Мен жалпы элге мурдагылардын катасын кайталабайм деп сөз бергем. Мурдагылар айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн сөздөрүнө кирип жүрүшүп, “чын эле менин деңгээлим эмес” деп, коомчулукта чуу жараткан маселелерге жооп да бербей, түшүндүрмө да бербей келишип, акыры калктын калың катмарынын нааразычылыгына кабылышты. Жыйынтыгында үч жолу ыңкылап болду.

Эми кечээги Жанар Акаевге байланыштуу маселе боюнча. Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо.

Тескерисинче, БШКнын төрайымы Н. Шайлдабековага кимдир бирөөлөр барып, “президент менен макулдаштык, Жанар Акаевди колдоп койсун деди”, – дешиптир. Мен Н. Шайлдабековага “бир гана мыйзам талабы жана адилеттүүлүк менен чечкиле, эч ким силердин ишиңерге кийлигишпесин”, – дедим. Ким барганын, атын да сураганым жок. Аны БШК төрайымы өзү айтсын.

Биз шайлоо башталгандан бүгүнкү күнгө чейин БШКнын бир дагы ишине кийлигишпедик. Мыйзамсыз чечим чыгарышса, өздөрү керт баштары менен жооп беришет. Башынан эле ушундай талап коюп келе жатам.

Ал эми Токтобүбү Оргалча боюнча. Ушундай талапкер бар экенин ушул тема чыкканы билдик. Тотобүбү айымды Айгүл Жапаровна эмес, атасы да тааныбайт. Мурда “Эл Үмүтү” партиясына чаптап жүрдүңөр эле, эми “Альянс” партиясына чаптайсыңарбы? “Альянс” партиясы өздөрүн оппозициялык партиябыз деп жүрүшпөйбү?

Айгүл Жапаровна депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир уборщицаны да кызматка койгон жок жана койбойт дагы. Анын бир эле иши бар – жетим- жесирлерге жардам берүү.

Мындан ары ушундай ушактардан алыс болушуңуздарды суранамын.

Эң кызыгы, бир ай бою жетелешип алып, эл кыдырып, бири-бириңерди оозуңар талганча мактап жүрүп, анан эми бүгүн кайра “шпион, уйгур, четтен келген” деп жамандап калганыңар Кудайга да жакпайт.

Ал эми аялдардын квоталары боюнча. Баарыңар эсеп-чотту жакшы билесиңер. Комиссия түзүп барып БШК менен биргеликте санап чыккыла. Мыйзам боюнча 30 пайыздан кем эмес аял болуш керек деп турат. Эгер 30 пайыздан ашып кетип, анан эле БШК Жанардын мандатын тартып алып, туура эмес чечим чыгарып жаткан болсо, анда иш козгоп, жоопко тарталы!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Карыса да мансап кумарына тойбогон Токтокүчүк Мамытовдун далалаты

Акыйкатчылык ишинен депутаттык мандатты жогору койгон Токтокүчүк Мамытов “Бүтүн Кыргызстан” партиясын тандап, парламенттик шайлоого баратат. Кайсы бийлик болсо да жогорку кызматтардан түшпөгөн, дайыма ээрге...

“Баламды күч менен алып кетишкен”. УККнын мүчөсү адам уурдоого шектелип кармалды

Жалал-Абадда адам уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.Маалым болгондой, 20-сентябрга караган түнү...

БШК Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти. Диплому жасалма экендиги аныкталды

Бүгүн, 24-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы отурумда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Социал-демократтар» партиясынан талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти. Мындай чечимге көпчүлүк талапкерлер добуш беришкен. Ал эми чечим...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...