10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

Садыр Жапаровдон белек сураган кызга белеги тапшырылды (Фото)

Президенттен Ноорузга карата комуз сураган кыз белегин алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова Нооруз майрамынын урматына президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, улуттук музыкалык аспап белек кылууну суранган. Жазган катында ал өрүк комуз каалаарын белгилеген.

Бүгүн, 20-апрелде, президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Адинайдын өтүнүчүн аткарып, Президенттин атынан ага комуз белек кылды.

Кудайберген Базарбаев аталган музыкалык аспапты тапшырып жатып, Президент Садыр Жапаров балдар маселесине ар дайым көңүл буруп, жаш муундардын ар тараптуу өнүгүүсүн артыкчылыктуу багыт катары эсептээрин белгиледи.

«Адинайдын жолдогон каты дарегине жетти. Балдардын кыялдары орундалат. Негизгиси кыялдана билип, алдыга милдеттерди коё билүү керек. Бүгүн биз Садыр Жапаровдун атынан улуттук музыкалык аспапты — комузду Адинайга белекке тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз. Каттагы өтүнүчү менен ал өрүктөн жасалган. Мамлекет башчысы Адинай мыкты музыкант болуп, ар кандай эл аралык конкурстарда өлкөнүн атынан чыгат деген чоң үмүтүн билдирди», — деди Базарбаев.

Ал эми жаш музыканттын апасы Асел Асаналиева Президентке кат жазуу кыздын жеке идеясы экенин айтты.

«Ал бала кезинен эле музыкага, комузга өзгөчө жакын. Ар дайым өзүмдүн комузум болсо деп кыялданчу. Кыялын ишке ашырууга аракеттенип, өзү каалаган аспапты Президенттен суроону чечти. Көп өтпөй эле Президент комуз белекке берери жөнүндө кабарлашты», — дейт Асел Асаналиева.

fakt.kg

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Садыр Жапаров Фумио Кисиданы Япониянын Премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Фумио Кисиданы Япониянын Премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. “Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка...

Жыл сайын айтылат. Бишкек мэриясында абанын булганышына каршы күрөшүү чаралары талкууланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Дүйнөлүк банктын практика лидери Судешна Банерджи баштаган энергетика боюнча адистер тобу менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө...

Ош шаарында заманбап Инновациялык жана лидерлик академиясы ачылды

Ош шаарында табигый жана так илимдерди тереңдетип окуткан жаңы “Инновациялык жана лидерлик академия” аттуу жаңы инновациялык мектеп ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...