Курманбек Бакиев: Атамбаев аны премьер кылып дайындоомду суранган

670
Kyrgyzstan's President Kurmanbek Bakiyev (R) and Prime Minister Almazbek Atambaev arrive for the celebrations marking 16 years of independence in Ala-Too square in Bishkek August 31, 2007. (KYRGYZSTAN), Image: 447571482, License: Rights-managed, Restrictions: , Model Release: no, Credit line: Forum, Reuters

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев “Жаңы ордо” гезитине кайрадан маек берди. Ал, эгерде анын иши боюнча тергөөчүлөр Минскиге келишсе, алар менен жолугушууга даяр экенин билдирди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу сөз “Жаңы Ордо” гезитинин журналисти Кыргызстандын экс-премьер-министри Азим Исабеков менен Минскиде жолукканынан улам чыкты. Ал 2007-жылдын башында өкмөттү жетектеп, Курманбек Бакиевдин кадрларынын бири болгон.

Бакиевдин айтымында, Алмазбек Атамбаев аны премьер-министрликке дайындоону суранган. Экс-президенттин айтымында, Атамбаев премьер-министрлик креслодо бир аз гана калып, бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө болорун убада кылган. Акырында Бакиевди аны премьер-министрликке даындаган.

«Бир нече убакыт өткөндөн кийин мен аны кечки алты-жетиден кийин Ак үйдөн таппай калып жаттым. Мен ал кайда деп баарынан сурасам, үйүнө кетти деп жооп беришчү. Президент иш ордунда, ал эми премьер кетип калганы кантип болсун?», — деди Бакиев. .

Эки айдан кийин, качкын президенттин айтымында, Атамбаев өзү кызматтан тажагандыктан, анын отставкасын суранган. Бакиевдин айтымында, “Атамбаевдин жүзүн сактап, шерменде кылбашы үчүн” аны калып, ишин улантууга көндүргөн. Атамбаев бул кызматта 2007-жылдын аягына чейин иштеген.