Мектеп жетекчилери эми конкурстук негизде тандалат. Президент жарлыкка кол койду

178

Кыргызстанда 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлорунун баары кызматтан алынды Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, эми мектеп директорлору конкурстук негизде тандалып, 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

Жарлыктын негизинде кызматтан бошотулган директорлор жаңысы дайындалганча убактылуу милдетин аткарып турат. Алар да башка талапкерлер сыяктуу конкурска катыша алышат. Максаты — билим берүү уюмдарында кадр саясатын ишке ашыруу, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.