3.1 C
Бишкек
Понедельник, 6 декабря, 2021

Шамурза Бөрүкулов: “Сапар Исаков чек арадагы жер тилкелерди сатып ийген”

Дайынсыз болуп кеткен мурнуку премьер министр Сапар Исаковдун үн катышы коомду бир топ уу-дуу кылды. Буга чейин айтылбай калган сырлардын көбу да ачыктала баштады окшойт. Бул тууралуу фейсбуктун активдүү колдонуучу Шамурза Бөрүкулов да өз пикирин калтырган.

“Өз мекенинин кызыкчылыгын саткан саткынды президенттен кийинки эле кызматка коюп жүргөнүбүз аз келгенсип, анын өлкөнү уурдап тоношуна, ар бир кыргыздын мойнуна очойтуп карыз илишине жол коюп жүрүптүрбүз. Уурулугу ачылып шермендеси чыгып жатса: “Сапар жаш эле-алданып калды, аппак болчу-кара кылышты” дешип Сапар Исаковду коргоо штабын ачкандарына эмне бересиң?
Сапар менен Атамбаевдин Кыргызстандын стратегиялык обьектерин Кытайга көз каранды кылып койгон (карызды өз убагында төлөбөсөк) аракеттери эле өлкөгө саткындык болуп эсептелет.
Мына эми, Азаттыктын Атамбаевдин атын атай албай тергеп калганынын, Али Токтакунов Атамбаевдин заказын кың дебестен аткарып жүргөнүнүн себептери ачылып жаткандай туюлат.
ТЭЦ жарылып, Бишкек тоңуп жатса да, Кытайдан алган миллиарддаган доллар акчалардын кайда кеткени белгисиз акыбалга жетсе да, былк этип койбогон Азаттыктын бузукуларын эми түшүндүк. Демек, Сапар Американын шпиону экенин Атамбаев деле билген болуш керек. Атамбаев Сапарды өзүнүн балдарынан да артык көргөн десек жаңылышпайбыз, анан кантип билбей калсын?
Азыркы бийлик: элдин байлыгына колун салбаган, өлкөдөн качып чыгып кетпеген, тергөө менен кызматташкан, 2миллиарддан ашык акчаны төгүп берген Раимбек Матраимовду ордуна тынч коюп, Сапарды издеп табышса жакшы болмок. Атамбаевдин жуткандарын мамлекеттин эсебине кустурушса, иш кылгандары элге сезилмек. Бабанов “хандын кызы” болсо да, азыркы бийлик колтугуна жашырбай жоопко тартса, акыйкат иштеп жатат дейт элек. Дүйнөдөгү учуна чыккан бай-коррупционер Албекти бекитишпей, эл катары олтургузуп, бар мүлкүн мамлекетке эмне үчүн алышпайт? Албектен, Сапардан, Атамбаевден тили кысык жерлери барбы? Түштүк тополоңу боюнча, үч шакалды жоопко тартабы деп күтүп жүрсөк, алардын бирин элчи кылып гүлдөгөн европейский мамлекетке жөнөтүп жатышыптыр. Эмне, 80% эл бизди колдогон боюнча эле ордунда катып тура берет деп ойлоп жатышабы? Бүгүн алаканыңда бар дүйнө, эртең куру жалак калган жок дүйнө. Биз Садыр Жапаровду, Ташиевди Ош коогалаңын илитетип, болгонун болгондой ачыкка чыгарышат, эртеңки күндө Кыргызстандын тарыхында кала турган кылышат жана Атамбаев, Отунбаева, Текебаев жазаларын алышат деп колдогонбуз. Ташиев, Жапаровдор ошол согушка катышышкан, баарын өз көздөрү менен көрүшкөн, бейкүнө өлгөн адамдардын тагдырын баарыбыздан жакшы билишет деп шайлаганбыз. А булар, миңдеген адамдардын канына зыян болгон, улуттар аралык согуштун режиссерлорунун бири болгон адамды кызматка коюп жатышат. Ошончо болду Отунбаеваны кеңешчи кылып шайлап алгыла да, Атамбаевди Америкага элчи кылып жөнөтүшсүн. Убактылуу Өкмөттүн шакалдарын топтоп, жаңы өкмөт түзүп алышсын
Раим Матраимовду камап, жугундукорлордун гана максатын орундатышты. Алар өздөрүн колдогон 80% элдин катарына кошулбайт эле. Ал эми биздин бир да үмүтүбүз актала элек. Түштүк согушу жөнүндө ооз ача албаган бийликтин күнү саналуу экенин унутушпаса болмок. Жээнбековдун кулагына үч жыл дамбыра какканбыз, бирок чымын чаккандай да сезген эмес. Ошондон кийин, тополоңдо Ошко барган акчаны жеп коюшкан деген сөзгө ишенип тынчып калганбыз, Кудай буюрса кийинки бийлик ачыкка чыгарат деп. А бул бийликтин күчү Раимбекке эле жетет экен. Дагы деле үмүт кылып күтүп туралычы, мүмкүн ойлонушар.
Антпегенде, беш айдан бери: Раим-кармалды, Раим-төлөдү, Раим-акталды, Раим- камалды менен убакыт өттү. Бабановду колтугуна бекитишип коргоп жатышат. Текебаевди элчи шайлайт экен. Атамбаевди да чыгарабыз деген сөздөрү болгон. Отунбаеваны болсо Англияга элчи кылышы эле калды. Эмне, төңкөрүш Раим
үчүн эле болду беле? Трайбализмдин сасык жыты чыкпай жатабы? Сезбедиңерби?”-деп жазат.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Айнура Сагынбаеванын «кыздыкты сакташ керек» деген пикири сынга кабылды

Көп багыттуу клиниканын башчысы Айнура Сагынбаева январдын башында «Эмне үчүн турмушка чыга электе кыздыктан ажырабаш керек? Медициналык көз караш» деген аталышта видео чыгарган. Бирок сексуалдык...

Бишкек мэри: шаар коомдук транспортсуз калышын эскертти: Элдин реакциясы

Бишкек мэриясы жакында эле коомдук транспорттун жол киресин көтөргөн. Бирок ага карабай жакында автобустар линияга чыкпай калуу коркунучу бар. Мындай маалыматты бүгүн, Бишкек мэри...

Нурбек Тотакунов жактоочу: “Бакиевдин жактоочусу Калиев менен Авазовду жөн жактаган жок”

” Улуттук энергетикалык холдингдин экс-башчысы Айбек Калиев менен Электр станцияларынын директору Салайдин Авазов чыккынчылык менен компромисске барды”,-деди Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов. Бул тууралуу...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...