-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Табигый витаминдер: тамак-аш жөнүндө эмнелерди билиш керек?

Акыркы убакта экологиялык таза азыктарды колдонгон туура тамактануу популярдуу болууда. Туура саламаттуу тамактануу адамдын нормалдуу иш-аракетинин кепилдиги, ал тургай жашоонун узактыгын жогорулатуунун эң ишенимдүү жолдорунун бири. Бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар экологиялык таза азыктардын баалуулугун түшүнө башташты.

Жыл сайын базарда организмге эч кандай зыян келтирбеген, тескерисинче, оптималдуу жашоо үчүн зарыл болгон витаминдер жана микроэлементтер менен каныктыруучу көптөгөн азык-түлүктөр пайда болууда. Экологиялык таза азыктар генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдерди, синтетикалык консерванттарды, жасалма даамды күчөтүүчүлөрдү, боёкторду жана жыт бергичтерди курамында камтыбайт. Экологиялык азыктарды өндүрүүдө колдонулган чийки заттар гормондорду, антибиотиктерди, жасалма жер семирткичтерди, уу химикаттарын жана пестициддерди колдонбостон өстүрүлөт.

Адамдын ден соолугу чың жана сулуу болушу үчүн витаминдер керек. Кыш – адамдын организми витаминдерге өзгөчө муктаж болгон жылдын мезгили.

Себеби кышында табигый жана жаңы азыктардан витаминдерди алуу азаят. Эң маанилүү витаминдер, анын жетишсиздигинен биз кышында витамин ачкачылыгын баштан кечиребиз, бул витаминдер А, Е, С, Р жана В тобундагы витаминдер. Бирок адам мезгилге карабастан дайыма витамин ачкачылыгын сезиши мүмкүн.

Адам үчүн витаминдердин жана минералдык заттардын негизги булагы – тамак-аш. Рациондогу витаминдердин курамы ар кандай болушу мүмкүн жана ар кандай факторлордон көз каранды: азык-түлүктөрдүн жана тамактар үчүн чийки заттын сорту, түрү, өсүү шарттары, аларды сактоо ыкмалары жана мөөнөттөрү, технологиялык кайра иштетүүнүн мүнөзү, тамактарды тандоо жана улуттук тамак-аш артыкчылыктары.

Келгиле, кайсы азыктарда кандай витаминдер бар экенин карап көрөлү:

Витаминдер Витаминдерди камтыган азыктар Организмг таасири
1. А Балык, деңиз азыктары, өрүк, боор Теринин жана былжыр челдин нормалдуу абалын камсыздайт, көрүүнү жакшыртат, бүтүндөй организмдин туруктуулугун жакшыртат.
2. В1 Күрүч, жашылча, канаттуу эти Нерв системасын, эс тутумун чыңдайт, тамак сиңирүүнү жакшыртат.
3. В2 Сүт, жумуртка, брокколи Чачты, тырмакты бекемдейт, нервдердин абалына оң таасирин тийгизет.
4. РР Кесек тартылган ундан нан, балык, жаңгактар, жашылчалар, эт, кургатылган козу карындар Кан айланууну жана холестериндин деңгээлин жөнгө салат.
5. В6 Бүтүн дан, жумуртканын сарысы, сыра ачыткысы, буурчак. Нерв системасынын жана боордун функцияларына жана кан жаратууга жакшы таасир этет.
6. Пантотен кычкылдыгы Буурчак, түстүү керем, жумуртканын сарысы, эт Нерв системасынын жана ичегилердин кыймылдаткыч функциясын жөнгө салат.
7. В12 Эт, сыр, деңиз азыктары Кан жаратууга өбөлгө түзөт, өсүүнү өбөлгөлөйт, борбордук жана перифериялык нерв системасынын абалына жакшы таасир этет.
8. В9 (фолий кычкылдыгы) Савой кереми, шпинат, жашыл буурчак Өсүү жана нормалдуу кан жаратуу үчүн зарыл.
9. Н (биотин) Жумуртканын сарысы, помидор, тазаланбаган күрүч, соя буурчактары Теринин, чачтын, тырмактын абалына таасирин тийгизет жана кандагы канттын деңгээлин жөнгө салат.
10. С Ит мурун, таттуу калемпир, карагат, чычырканак Иммундук системага, тутумдаштыргыч ткандарга жана сөөктөргө пайдалуу жана жарааттын айыгышына өбөлгө түзөт.
11. D Балыктын боору, икра, жумуртка Сөөктөрдү жана тиштерди бекемдейт.
12. E Жаңгактар жана өсүмдүк майлары Клеткаларды эркин радикалдардан коргойт, жыныстык жана эндокриндик бездердин функциясына таасир этет, карууну жай кылат.
13. K Шпинат, салат, кабакча жана ак керем Кандын уюшун жөнгө салат.

Органикалык ыкма менен өстүрүлгөн азыктар өсүүнү жөнгө салгычтарды жана жасалма кошулмаларды колдонуу аркылуу алынган азыктарга караганда алда канча даамдуу жана пайдалуу. Кыргызстан жыл сайын Новосибирскке, Красноярскка, Томскко 600 тоннага чейин өзүнүн өнүмүн – тактап айтканда жашылчаларды жана жемиштерди жеткирип жатканы бекеринен эмес. Азыр биздин алмалар Москвага жеткирилип жатат, Кыргызстандан чыккан өнүмдөрдүн мынчалык популярдуу болушуна биринчи себеп алардын табигыйлыгы – экологиялык жактан тазалыгы деп айтууга болот.

Экологиялык таза тамак-аш адамдар үчүн толугу менен коопсуз экендигинен тышкары, анын башка маанилүү артыкчылыктары да бар.

  • Витаминдердин жана микроэлементтердин жогорку курамы (экологиялык тамак-аштын курамында кадимки тамак-ашка караганда 50%га жакын пайдалуу заттар бар).
  • Жакшыртылган даамы, жагымдуу жыты, ширелүүлүгү жана табитти ачканы (экологиялык таза тамак-аштын даамында синтетикалык аралашмалар жок).
  • Ичинде гана эмес, сыртында да коопсуздук. Жашылча-жемиштер бузулуп кетпеши үчүн жана аларга жагымдуу көрүнүш берүү үчүн көбүнчө мом менен сүртүлөт. Экологиялык таза азыктар мындай кайра иштетүүгө муктаж эмес. Аларды кабыгы менен жесе болот, демек, андан да көп пайдалуу заттарды – витаминдерди алууга болот.
  • Балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн пайдасы (курамында синтетикалык кошулмалардын жоктугу алардын организмге киришин жана жайгашуусун толугу менен жокко чыгарат).

Табигый келип чыккан витаминдерди ченемдөө кереги жок деп айтуу керек. Ден соолукка коркунучтуу болгон витаминдерди көп жегенге дээрлик мүмкүн эмес. Бирок таблеткаларды колдонууда мындай тобокелдик болушу мүмкүн, бирок адамда табигый витаминдер жетишсиз болсо, жасалма витаминдер кабыл алынат. Мындай учурларда дарыгер витаминдик комплекстерди колдонууну жазышы мүмкүн жана мындай сунуштарды четке кагууга болбойт.

Бул материал GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жашыл экономика жана Кыргыз Республикасында жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” кыргыз-герман-швейцариялык программасынын алкагында даярдалган.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Нурлан Насип: Ушунча эмгек кылып Асел элдин кызы болуп калыптыр

Добавить комментарий Отменить ответВаш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *Name* Email* Website Сохранить моё имя, email и адрес сайта в этом браузере для последующих...

Сүрөт-Улан Үсөйүн аялга эркектигин далилдегиси келди

Мындай пикирин Илим Карыбеков билдирди: “Улан иним! Болбойт андай! Элдин кишисимин деген адам кары-жашка карабай бирдей мамиле кылат! Давай, ДЕЙСТВУЙ!”- деп жазды  

Каныбек Осмоналиев, профессор: «БШКнын мүчөлөрүн катуу жазалап, анан быйылкы шайлоону баштоо зарыл»

«Президенттин айланасындагы шүдүңгүттөрдүн жана акча жасаганга шылуун партлидерлердин бетин ачып, шайлоону таза өткөрөлү», - деди бүгүн, 25-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Каныбек Осмоналиев. - Каныбек агай,...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...