10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

Текебаев: Молдокматовду камоо — саясий куугунтук

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Жалбырак ТВ» каналынын Фейсбуктагы түз эфиринде былтыр Октябрда болгон окуялар тууралуу айтты.

Ал былтыр 6-октябрдан 15-октябрга чейин Кыргызстанда мыйзамдуу бийлик болбогонун, саясий иштер Конституциялык нуктан чыгып кеткенин билдирди.

Текебаевдин пикиринде, ошол күндөрү борбордук «Ала-Тоо» аянтында, «Форум» имаратында, Өкмөт үйүнүн алдындагы эски аянтта жүргөн саясий күчтөрдүн баарынын укуктук сакчысы бирдей. Бири мыйзамдуураак, экинчиси мыйзамсыз деп айтууга болбойт.

«Ошол күндөрү борбордук «Ала-Тоо» аянтында, Атамбаевдин «Форум» имаратында, Өкмөт үйүнүн алдындагы эски аянтта бир топ саясий күчтөр турушту. Алардын укуктук сакчысы — баарыныкы бирдей. Бири мыйзамдуураак, экинчиси мыйзамсыз деп айтканга болбойт. Алардын баарынын ниети бир, өзүнүн түшүнүгүнө жараша өлкөнү конституциялык нукка алып келип, жаңы бийлик органдарын түзүү болгон. Ошентип, былтыр 6-октябрдан 15-октябрга чейин Кыргызстанда мыйзамдуу бийлик болгон жок. 14-октябрда тарап кеткен парламент кайра чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып дайындады. Ошол күндөн баштап Кыргызстан мыйзамдык нукка кайра келди. Садыр Жапаровдун да өкмөт башчы болуп дайындалышы – кынтыксыз, мыйзамдык процедураларды сактап өттү деп айтууга болбойт. Анткени конституциялык укуктан чыккандан кийин кайра келүү үчүн сөзсүз анча-мынча жерлерди аттап өтүү керек болчу», — деди Текебаев.

Ал саясатчы Жеңиш Молдокматовдун камалышын саясий куугунтук катары баалады.

«Жеңиш Молдокматовду имаратты басып алууга аракет кылды деп камакка алып отурат. Жеңиш акыркы кезде бүгүнкү бийликтин принципиалдуу, туруктуу оппоненти болуп келди. Жеңиш Молдокматовдун 6-октябрда бийлик органдарынын имаратын басып алды деген жүйө эч кимди ынандырбайт, бул күлкү келерлик. Ошондуктан акыл-эси бар адам аны өз позициясынын курмандыгы, саясий куугунтук болду деп кабыл алды. Мен да ушуну баса белгилегим келет. Жеңиш Молдокматовдун камакка алуу – саясий куугунтуктоонун бир көрүнүшү».

Маралфм

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Борбор калаанын мэри шаардыктардан кечирим сурады

Бүгүн 2-июнь Бишкек шаарында коомдук каттамдагы кичи автобус айдоочулары каттамга чыкпай шаар тургундарынын каттоосуна ыңгайсыздык жаратты.  Айрыкча эртең менен жумушка барчуулар кечигип, нааразычылык күчөдү. ...

Коррупцияга шектелген Эмилбек Абдыкадыров качанкыга чейин көз будамайлайт

2007-жылы «Ак жол», 2010-жылы «Ак шумкар», 2015-жылы «Республика — Ата Журт», 2020-жылы «Мекенчил» партиялары менен шайлоого катышып, бирок, жыргатып добуш алып бере албай, же...

Кара-Суунун 43 жаштагы тургуну жардыруучу зат менен колго түштү

Кара-Суу районунда жардыруучу зат жана ок атуучу куралдар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрь Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, 30-сентябрь күнү Кара-Суу РИИБдин...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...