3.1 C
Бишкек
Вторник, 18 января, 2022

Темирлан Султанбековго жалган жалаа таратса жооп берери эскертилген

УКМКнын төрагасы  Ташиев депутаттыкка талапкерлерди жеке өзү кабыл албай жатканы боюнча түшүндүрмө берди.

Буга чейин 23-ноябрда Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков УКМКнын төрагасынын кабыл алуу бөлмөсүнө Камчыбек Ташиев менен жеке жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган.

Ошол эле күнү кечинде саат 20:00дө коомдук кабылдаманын шартында УКМКнын кызматкери Султанбеков менен сүйлөшүү жүргүзүп, шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча маалыматы бар экенин айткан.

Кызматкер Султанбековго «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамга ылайык, ал өлкөнүн жараны катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасына көрсөтүү менен кайрылууга укуктуу экенин билдирген. Шайлоо процессинин бузулушунун фактылары жөнүндө, алар боюнча мыйзамда белгиленген мөөнөттө текшерүүнүн жана көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча жүйөлүү жооп аларын жана Султанбековго атайылап жалган жалаа жапкандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылары тууралуу  эскертилген.

Бирок Султанбеков расмий кайрылуудан баш тартты. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча колунда болгон маалыматтардын чоо-жайын жана жагдайларын айтуудан баш тартты.

Белгилей кетсек, шайлоо процессине кийлигишүү жагынан коомдук аң-сезимди ар кандай шылтоолорду жана манипуляцияларды болтурбоо максатында, УКМКнын төрагасы шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди жеке кабыл албайт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Нуржамал Ильясова ЕЭКтин ишкердик департаментине орун басар болуп дайындалды

Нуржамал Ильясова Евразия экономикалык комиссиясынын ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында маалымдалган. Ал 1998-2016 -жылдары КР өкмөтүнө...

Түркмөнстанда мугалимдерге Инстаграм менен Фейбукка кирүүгө тыюу салынды

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы Түркмөн мамлекеттик маданият институтунун окутуучулары жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө соцтармактарга, анын ичинде Инстаграм менен Фейсбукка кирбей турганы жөнүндө тилкат жазып берип...

“Токмоктон кийин көзүм көрбөй калды…” Күйөөсүнүн токмогунан каза болгон келиндин акыркы сөзү болгон

Күйөөсүнүн токмогунан улам асынып беш кызды жетим калтыды. Бул тууралуу турмуш.кж сайты Ала-Бука  районунун соту өкүм чыгарды. Маалыматта  милицияга Ала-Бука районуна караштуу Төрөгелди Балтагулов айыл...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...