-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Тогуз жаштагы Сумаянын өлүмүнүн бети ачылды. Шектүү кармалган

Жалал-Абад облусунун ИИБнын МККнын, Сузак РИИБнин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Сузак районунда өлтүрүлгөн Сумая атту кыздын өлүмүнүн бетин ачышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, 18-ноябрда милиция кызматкерлерине Сузак районунун тургуну 1984-жылы туулган С.У. кайрылып, кызынын жоголгондугун билдирген. Маалым болгондой, 2012-жылы туулган кыз ошол күнү саат 12:40тар чамасында мектепке кеткен боюнча жоголуп кеткен.

27-ноябрда Сузак районунун Арал айылына жакын жерде Көк-Арт дарыясынын жээгинен тогуз жаштагы кыздын кийими жок жансыз денеси табылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кызды уурдоого жана өлтүрүүгө шектүү адам аныкталган. Милиция кызматкерлери Сузак районунун тургуну 1973-жылы туулган У.А. атту кишини кармашкан. Маалыматка караганда, ал облустагы айылдардын биринде жалгыз жашаган. 10 жыл мурун аялы менен ажырашып кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 18-ноябрь күнү ал адам Сумаяны көрүп, үйүнө алдап киргизип, бир нече күн жер төлөдө кармаган. Кызды шылдыңдап, скотч менен байлап, суукта кармаган фактылар бар. Кыз бир нече күндөн кийин каза болгон. Кылмыштын изин жашыруу үчүн шектүү өлүктү түн ичинде алып чыгып, дарыянын жээгине ыргытып жиберген. Ал кийим-кече жана окуу куралдарын өрттөп жиберген.

Тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Министрлер Кабинетинин жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Президент Садыр Жапаров 13-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында, өлкөнүн жаңы Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын катышуусунда...

Тогуз жаштагы кызым уят кино көрөт экен кантип токтотом?

Саламатсыздарбы онлай окуучулардын ата-энелери. Карантин шылтоо болуп баарыбыз балдарыбызга телефон алып берип  бирок көзөмөлдөй албай калдык окшойт. Карантин башталганда менин телефонум эски болуп окууларын...

Айсулуу Тыныбекова атын жамынган фейк аккаунт акча жыйноого киришкенин билдирди

Көпчүлүктүн  көңүл чордонуна орногон балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын атынан ар кандай оюндар уюшулуп жатканы аккаунттар фейк экени тууралуу балбан кыз өзүнүн баракчасынан кайрылуу жасады. Анда...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...