Менин окуям төмөнкүчө. 22 жаштамын, престиждүү компанияда эмгектенем. Эч нерседен кем болбой чоңойгом, азыр дагы кем эмесмин.
Бир жигит менен жарым жылдан бери сүйлөшүп жүрөм. Кантип сүйлөшө баштаганыбызды билбей калдым. Болгону ал мени жакшы түшүнөт, мен ага бардык нерсени айта алам, түрдүү тамашаларды айтып берип, көңүлүмдү көтөрөт.
Ал 33 жашта, 3 баласы бар. Бирок бул нерсе мени токтото алган жок. Чынын айтсам, ал тууралуу ойлогон дагы жокмун.
3 айдан кийин сурай баштадым. Ал ажырашканын айтты. Бул чын экен, документтерин көрсөттү. Бирок, аялы менен бир үйдө жашап жатканы мени тынчсыздандырат. “Бир үйдө жашаганыбыз менен чогуу жатпайбыз. Балдарым үчүн эле жашап жатам”, — деди. Анысы чындыктай көрүнөт. Себеби, биз эртеден кечке чогуу жүрөбүз, кафега барабыз, сейилдейбиз, эртең менен, кечинде видео чалуу менен сүйлөшөбүз.
Мен каршы эмесмин, балдарына үй керек. Аялын деле куубай эле койсун, жашай берсин. Биз батир сатып алып жашайлы деп чечтик.
Досторунун көбү анын ажырашканына ишенбейт экен. Мени көңүлдөшү катары карашат. Аялы аны дагы да болсо сүйгөндөй туюлат. Мен ага бул оюмду айттым, ал болсо мени сүйөөрүн, буга чейин эч кимди мынчалык сүйбөгөнүн айтты.
Мени эртең менен гүл берип тосуп алат, жумушка жеткирет, кайра кечинде үйгө алып келет. Өзү дагы буга чейин эч кимге гүл берип көрбөгөнүн айтып күлүп калат. Мени жашырбайт. Достору менен тааныштырат. Достору дагы анын жумшак болуп калганын айтышты. Ага ишенсемби же жокпу?
Турмуш Бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп бактылуу боло аламбы?