Салам урматтуу окурмандар, мага кенеш керек болуп жатат. Күйөөм чет жака иштегени кетип эми келип озу жалгыз келбей бир аялды ээрчитип келиптир. Ал аялдын боюнда бар экен. 6ай болуптур. Ата-энеси суйунуп тосуп алышты. Мен 3 жыл ал жакта иштеп журот деп ага ишенип отурсам ал болсо ар ким менен жатып журуптур. 2 балам бар. аларды таштап кете албайм. кетсем дагы каяка иштеп каяка жашайм. азыр кыш дагы болуп калды. жумуш табуу кыйын.Тиги ээрчитип келгени дагы мен бар экенимди билип макул болуп келиптир. Азыркыларга такыр тушунбойм аялы бар экенин билип жок деп койгонго жарабай тескерисинче ээрчип келип… Жолдошумдун дагы мамилеси мвгв болгон озгоруп тигинин созунон чыкпай козун карап калыптыр. Ал учун мен 2 баласы жок. Ата-энесин дагы козго илбей кагып силкип бир башкача адамга айланып калыптыр.Мурунку жолдошум таптакыр башка эле. 6 жыл чогу жашап акыркы 3 жылда башка жака кеткен. Ошондо общий 9 жыл жашадык. 2 балалуу болдук. азыр менин дагы жашым 30га келип калды. Күйөөмдү угуп окууга дагы тапшырбадым. Ага ишенем деп ушул нерсеге келдик. 4 жыл мурун уй салабыз деп кредит алып уйдун жарымын салганда акча жетпей калып ошол бойдон калган. Анан эми ошол кредитти толой албай же тиги уйду бутуро албай орто жолдо калганыбыз учун чет жака иштейин деп кеткен жолдошум. Эми кылганы бул. кандай кылып кайсыл жака барып ккандай кылсам? жардам бериңиздерчи. Акча жагынан керек эмес бироого карыз болгум келбейт. болгону туура кеңеш бериңиздерчи.
Турмуш Чет элге иштегени кеткен күйөөм 3 жылдан кийин келип, өзү келбей жанына...