Күйөм өлгөндөн кийин кайнагам 2 бөлмөлүү үйүбүздү тартып алды

150

Менин атым Назира. Учурда 1 кыздын энесимин. Ичимдеги сырымды айта албай,  жанымдай көргөн жолдошумду жоготуп, бугумду чыгара албай, жолдошумду сагынып, өткөн кеткен күндөрдү эстеп, куса болуп журөм. Жолдошум экөөбүз кыз-жигит болуп 6 жыл суйлөштүк. Жолдошум канча аркаман чуркап, суйөм деп сүйүүсун арнаса, теңиме албай, кээ бир учурларда тоготпой да журө бердим. Бирок жолдошум экөөбүз суйлөшүп жургөндө, бир дагы жигит куйөмдөй болуп чуркап, алам дегенимди алып берип, көзүмдү караган жок. Балким ошол мага болгон жылуу сезимдеринен кийин, өзум дагы кантип жактырып калганымды билбей калсам керек. Акыры аягы 3 сунушунан кийин макул болуп, турмушка чыктым. Уйлөнгөндөн кийин дагы мага болгон сезимдери кучөп, менин жолдошума болгон сезимдерим андан кучөп бара жатканын өзум дагы байкап жүрдүм. Менин жолдошума чейинки жашоом менен азыркы жашоомду эстесем, асман менен жердей. өзум дагы таң калам, кантип сен жок ушул убака чейин өмур сүрдүм экен деп, өзунө деле айтып калчумун. Көрсө чыныгы сүйүү никеден кийин башталат тура. Бул сөзгө маани деле берчү эмес экенмин. Эми ишендим. Ошентип убакыт өтө берди. Жашообуз биз ойлогондон дагы жакшы болуп, борбордо 2 болмолуу баатирибиз бар эле. Жолдошум өзүнүн ак эмгеги менен таап, өз колу менен ичин ремонттоп, күндүр –түндүр уктабай, эртерээк бүтүрүп алып сен көз жаргыча өзүбүздүн баатирге көчуп кетелик деп акыркы кундөру аябай шашып калат эле, бир нерсени сезгендей. Мен аман эсен көз жарып алып, үйүбузгө көчүп келдик. Жолдошумдун сүйүнгөнүндө чек жок. Кызымды атасы эле чонойтту. Кечинде уктабай, бала ыйласа тура калат, мени уктап эс ал деп. Айтор жашоом жомоктогудай болуп, кээде өзумө ишенбей, ишенсем дагы бул жомок бир куну бутуп калса, түшүмөн ойгонуп кетсем эмне болот деп, коркуп да кетчүмүн. Ошентип убакыт өтүп атты. Кызыбыз 1 жашка чыкты. Уктап жатсак жолдошум бир куну катуу ооруп, ордунан тура албай төшөктө жатып калды. Ооруканага алып барсак, ашказанынан акыркы стадиядагы рак оорусу, өөрчүшүп кеткен түру экен, эч кандай жардам бере албайбыз деп врачтар больницадан чыгарып салышты. Айлабыз кетип, Туркияда медицина жакшы дегенинен, Туркияга жолдошумду коштоп кайнагам учуп кетти. Туркиядан жолдошум 1 жумадан кийин учуп келди, көрсө ал жактан дагы кечигип калыптырсынар, эч кандай жардам бере албайбыз деп чыгарып койушкан экен. Жолдошум үйгө келди. Өңу бузулуп, кебетеси купкуу болуп, жаны кыйналып арандан зорго үйгө келишкен экен. Көп убакыт өтпөй эле жолдошум көз жумду. Ыйлап жатып канча кун өтту, ошондо жолдошумдун жоктугун сезип, эгерде мындай боло турганын билгенде мен сага 6 жыл мурун эле турмушка чыкпайт белем деп өкүндүм. Кайын журтум жолдошумдун тируу кезинде жакшы эле мамиле кылышчу. Ал эми өлгөндөн кийин кызым экөөбуз жашап жаткан 2 бөлмөлүү баатирибизди кайнагам үй-бүлөсү менен, көчүп келип бизди кууп чыгышты. Азыр кызым экөөбуз өзумдун эжемдин үйүндө жашап жатабыз. Кымбаттуу окурман, өзгөчө аял заты, жолдошуңар, жакын адамынар жаныңарда жүргөндө баркын билип, сыйлап, көнүлүн оорутпай, барктап алгыла демекчимин. Ар бир мүнөттү барктап, бүгүнкү күн менен жашагыла деп айтаар элем. Эгерде сүйгөн адамынар колунарды сурап, суйуусун арнап жатса, макул болуп, эртерээк бакыттын балына бөлөнуп, жон эле болбогон куру кыялдарга бөлөнбөй,үй-бүлөлүк жашоого аттанганыңар деле туура деп ойлойм.