Кайнатамды жек көрүп калдым, күйөөмдүн көзүнчө…

355

Саламатсызбы? Аноним кылып чыгарып беринизчи. Кайын атам Буга чейин кыздарына мени жамандап телефондо сүйлөшүп атканын көп укчумун. Бирок күйөөмө бирин да айтпагам. Анан карып калса деле сөгүнө берет. Келинби, небереби көзүнө илбейт. Көнүлүм катуу калып калган экен. Жумуштан келсен эле үйдө ызы чуу. Балдарды сөгүп аткан болот. Күйөөм келгенде унчукпай жоош болуп калат. Азыр ооруп үйдө. Ушунчалык жек көрүп калган экенмин. Ал жаткан бөлмөгө киргим келбейт. Дарыларын убагында балдардан бердиртем. Тамакты да өз убагы менен берём. Бирок жүзүн көргүм келбейт. Өзүм оорукчан болгон үчүнбү боорукермин. Ооруган адамды көрсөм кыйналып кетем. Негедир кайнатама эч көңүл коюп жибирбей койдум. Кантип жек көрүп калган адамды кечирүү керек? Атамдай көрчүмүн мурда. Ишенчүмүн. Көрсө менин күндө жасаган кыймылыма чейин отчёт берип жүрөт экен кошумчасы менен. Калган көңүлдү кантип ордуна келтирсе болоор экен?