Кумар оюндарына көп акча уттуруп, эми ичип кетти жолдошум…

93

Саламатсызбы? Менин катымды чыгарып бересизлерби сураныч. Жолдошум кумар оюнуна коп акча уттуруп кыжаалатчылыктан коп ичип кетти. Ичпесе, ойнобосо аябай жакшы адам. Бирок акыркы кундору ошол азарты кармаганда акча бербей талашсам ичип келип катуу сабап акчаны баарибир алып кетип ойноп жок кылды. Оз ден-соолугумду ойлоп кетип калдым. Ал болсо кундон кунго соолуп баратат проблемадан башы чыкпай. Намаз окуп Алладан ынсап берсин, ыйман берсин деп дуа кылгандан башка эч нерсе болумдан келбейт. Кээде озумду кунолуу сезип кетемин. Кетип калбай кошо курошуп жардам кылсам чыгып кетеби эле ушул дарттан деп. Озумду ойлоп туура кылдымбы. Ушундай оооуга чалдыккандар айыгабы?