Жашым 32де, келбетимен уялам. Сүйүүмдү арнаган адам биринчи түндөн кийин качып кетти

607

Саламатсыздарбы. Мен ичимдеги арманым менен бөлүшкүм келди. Урушпагылачы сураныч, абалым оор болуп турат. Менин жашым 32де, мен теңдүүлөрдүн алды 5 балалуу, арты 1 балалуу болушту.

Мени кудай ушундай жараткан окшойт эч эле тагдырыма адам жазбаган окшойт. Менин келбетим да анча эмес, куникмин, балким ошогодур… Бир дагы адам жактырбайт деп ойлойм. Мага өмүрүмдө бир да жолу эч бир адам жактырам деп айткан эмес, эч ким сезимин билдирген эмес ушу жашка чейин. Өзүм жактырып жүргөн бир бала бар эле, ошого өзүм барып сезимимди билдирдим… Ал жакшы кабыл алды, сен да мага жагасың деп айтты,
бирок ал адам менин сезимимди тепседи, шылдың кылды, мени алдады сени алам, сага үйлөнөм деп жылуу сөздөрдү айтты. Мен ага ишендим, үйдөгүлөргө да айттым турмушка чыгам деп. Алар дагы сүйүнүп, жакшы болду дешти. Көрсө ал мени алдаган экен.Ушул убакытка чейин сактанып жүрүп, ошол адамга ишенип, бир түндү өткөрүп өзүмдү арнап койгон элем. Эми сени тааныбайм деп качып жүрөт. Баягы айткан сөздөрүнүн бири да жок. Мен ага болгону бир түн үчүн эле керек болгон экенмин көрсө, мен эми кандай кылам… Уят боломбу үй-бүлөмдүн алдында. Жакшы кеңеш бериңиздерчи… Кыйналып турам, эмне кылышты билбей калдым… Негатив жазбасаныздар, өзүм да араң эле жүрөм…Кеңешиниздер керек эже-сиңдилер…