Саламтсыздарбы. Мен да ичимдеги сыр менен бөлүшкүм келди. Тойдо бир бала менен таанышканбыз менден 2 жаш уулу болчу сүйлөшүп дос болуп жүрүп анан кыз-жигит болдук. Көп өтпөй ортодо чыр чыгып урушуп калдык, ошол күнү менин жакын дос кызыма жазып менин жүзүм дебей экөө жүрүп алышты. Сыртымдан сыр бербей ичимден сыгылып кыйналып жүрдүм. макул досум экенсин болуп турат бир жигит үчүн мамилебиз үзүлбөсүн деп койдум. Экөө сүйлөшүп жүргөндө деле мага жазып жолугуп жүрдүк. Кийин сүйлөшпөй жазышпай мамилени үзүп койдук.Анан Москвага кеткенмин алда ошол жакта экен кайра табышып алдык көрсө экөө урушуп кетишкен экен. Кыргызстанга келип жолуктук көп эле жүрдүк. Бир күнү жолугуп сүйлөшүп отуруп таарынышып , инстаграм, ватсап баардык жактан заблок кылып сүйлөшпөй калганбыз. Бир жума өтпөй кайра дос кызым менен сүйлөшүп алыптыр. Ал кыз менен урушкан деле эмеспиз.
Менин биринчи сүйүүм болгон үчүн эч эле кыя албай койдум.
Турмуш Жигитим экөөбүз урушуп кетсек, дос кызым менен жүрүп…