Сиздердин кенешиниздерге муктаж болуп жатам. Менин жолдошум бир жыл мурун Москвага кеткен. Жашаганыбызга он жыл болуп калган ортодо 4 балабыз бар. Квартирада турабыз балдарым менен. Башында жолдошум жок катуу стресс алдым, куса болуп оорудум. Азыр кичине көнүп калдым. Жумушум жакшы болбой жатат деп наалый бергенинен кел деп айткам. Негизи өзү ушул ай келем деген. Сурасам эле буйруса дей берет азыр. Тааныш, туугандарына азыр барбайм дагы иштеп турам го деп айтыптыр. Менин ачуум келгени эмне үчүн мени алдап чындыкты айтпай жүргөнү. Экөөбүз баш кошкондон бери баарына чыдап келатам барына жогуна дагы кандай гана оор күндөр башыбыздан өттү. Азыр эми ошо келбегенин угуп 4 балам менен такыр башка жакка кетип өз оокатымды улантайын деп жатам.. күчүм жетет барына деп өзүмө ишенем, анткени башыман далай кыйынчылыктар өткөн. Мен келет деп эле деелирип алгам. Азыркы учурда ошо келбээрин угуп аябай жаман болуп жатам.
Өзүнчө кетем деген себебим тегерек четибизде баары эле кайын журт тааныштар. Эмне кылам кандай кылам кенешиниздерди айта кеткилечи.. Москвада мисалы мен тааныган эч ким жок анын жанында. Ар кайсыны ойлоп жаман болуп жатам, балким башка бирөөлөргө окшоп ойнош таап же башка бирөөнү таап алдыбы деп…
Ата катары эң мыкты ата жана күйөө болчу бул жакта жүргөндө. Сүйүшүп жүрүп эле үйлөнгөнбүз, чынын айтсам мен жакшы көрөм ал деле телефондон сүйөм деп турат. Азыр билбей жатам мындан ары эмне кылышты….
Турмуш Жолдошум Москвада жүрөт десем, көрсө алдап жүрүптүр…