6.1 C
Бишкек
Четверг, 2 декабря, 2021

Туугандарым мени спорт залга күйөө табыш үчүн жазылды деп ойлошуптур

Мен силер менен өз башымдан өткөн баян менен бөлүшүүнү чечтим. Тагдыры мага окшош айымдар муну окуп бир күлүп алса керек. Анда сөз башынан болсун.

Чемоданым менен үйгө келсем, атам менен апам билмексен болуп, кайра качан кетеримди сурашты. Колумдун көгаласы, сынган тиштерим алар үчүн маанилүү эмес эле. Аа кокуй, бул жакта жашоо болбойт экен деп, кызымды ээрчитип батирге чыктым. Байкем, “дарегиңди айтып кой, күйөө бала келсе берем”,-деди. Ошол маалда ээрчитип бараткан кызым колумду бекем кысты. “Коркпо берекем”,-дедим дагы, байкеме тек гана жылмайдым.

Эртеси таежем чалды. Учурашпай туруп бакырып, жок бакырып эмес, айкырып кирди:  “Ай, сен кандай бети жок немесиң! Бизде эрден чыккан кыз болгон эмес! Кол көтөрсө эле кете бересиңби! Кайтып баргының! Ата-энең элдин көзүн кантип карайт! Кызыңа ата керек!”

Жерге жатып алып сабагын жазып жаткан кызым, шап тура калды.

– Апа, мага андай ата керек эмес, барбайбыз э?

– Барбайбыз!

Өз жашын сүртүп, бир аз тыйынымды берип дүкөнгө балмуздак алып келгени жөнөттүм. Экөөбүз биринчи жолу жайбаракат отуруп алып балмуздак жедик.

Күйөөсү жок жүрүү жугуштуу оору сымал баары менден кача башташты.

Курбуларым мени ватсаптагы группалардан чыгарып коюшту. Туугандар жамандык-жакшылыктарына чакырбайт, чакырган күндө деле ата-энем мени ээрчитип баргандан уялат. Тааныштар мени көрсө эле, бузулган телефон ойноп башташат. Эркектердин бузук оюу тууралуу айтпасам деле белгилүү. Билесиңерби, алар мени басынткан сайын кайра күчтөнүп жаттым.

Бир күнү кызым мындай деди:

– Апа, мен чоңойгондо турмушка чыкпайм.

– Эмнеге, атама окшоп сени ургандай кылып мени…

Боорума бекем кыстым. Жакшы адамдар көп экенин айттым. Биринчи кезекте күйөөгө тийүүнү эмес, билим алып бактылуу болууну ойлон дедим. Эки уячасын көрсөтүп жылмайды.

“Ажырашканыңа бир жыл болоюн деп калды, качан күйөөгө тиесиң”, “ муну менен таанышып көрчү, ажырашкан, төрт баласы бар”, “ичет бирок жакшы адам”, “тойлордо соксоюп жалгыз отурмак белең” ж.б.

Менин турмушум эч кимди жайына койбоду. Эң кызыгын айтайын. Спорт залга жазылып өзүмө кам көрө баштагам. Ошондо туугандар “күйөө табыш үчүн жазылдыңбы”,-дешти. Айла жок боорум эзилди. Көрсө, алардын оюу боюнча аял өзү үчүн жашабайт туура. Эх… баары бир түшүнбөйсүңөр. Капканда жүрө бергиле, а мен эч кимдин сөзүн укпай алдыга умутулам.

Мен азыр бактылуумун. Бир кезде коркконума карабай туура чечим кабыл алганымды билдим. Кызым дагы күлүп, көздөрү жайнап калды. Биринчисинде жаңылдым, балким экинчисинде жаңылбайм. Жаңылсам деле мейли, “стоп” деп айтып кетип калуудан коркпойм. Мен жөн гана бактылуу жашагым келет. Буга акым бар!

http://Bilesinbi.kg

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Ырчы Эрлан Андашев төш белги менен сыйланды

Ырларынын дээрлик баары хит болгон ырчы Эрлан Андашев маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланды. Океандын ары жагында жүрүп, чыгармачылыгын ийгиликтүү улантып келе жаткан...

БШК төрага Талант Мамытовду шайлоодон четтетти. Мыйзам жол бербейт

БШК Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартты. Бул тууралуу чечим БШКнын бүгүнкү, 24-октябрдагы жыйынында кабыл алынды. Маалыматка ылайык, жумушчу топ Талант...

АСКАР АКАЕВ “ТОЙГОНЧО ЖЕП, ӨЛГӨНЧӨ КАРГАНУУДА”

“Карма ууруну карма” деп ууру жүрөт” дегендей эле кеп болууда. Мурунку качкын президент Аскар Акаев каратып туруп жанын жеп жатат. Биринчи калпы: “Бирштейнди мен...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...