-3.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Тышкы иштер министрлиги Викрам Рузахуновду жакынкы арада бошотууга чакырды

Бүгүн, 9-январда Тышкы иштер министрлигине Кыргыз өлкөсүндөгү Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев чакырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаевге Кыргыз жараны Викрам Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырды. Ошондой эле Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырды. Өз кезегинде Казакстандын элчиси кыргыз тарабынын тынчсыздануусу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине тез арада жеткирилерин айтып, жакынкы аралыкта кеңири маалымат берүүнү убадалады. Ал азыркы оор кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзөт деп ишендирди. “Мындан сырткары Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары М.Сыздыков жана Казакстандын кыргыздагы элчиси Жошыбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аталган жаранга байланышкан кырдаал боюнча кыргыз тарабынын өтө тынчсыздануусун билдирди. Ниязалиев казак тарабын Казакстандагы акыркы окуяларга чет элдик жарандардын катышуусу боюнча текшерилген жана ишенимдүү маалыматтарды гана жарыялоого чакырды.

Ошондой эле консулдук мамилелер боюнча эл аралык жана эки тараптуу документтердин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы тууралуу өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өз убагында маалымат берүү зарылдыгын белгиледи. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору В.Рузахуновдун жакындары менен жолугуп, анын жүрүшүндө бардык жагдайларды тактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Министрлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана аталган жаранды тезинен бошотуу боюнча бардык мүмкүн болгон аракеттер көрүлөөрүн ишендирди”, – деп жазылат маалыматта.

Эске салмак, буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн.

Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Мурат Бейшенов: “Талибан” менен сүйлөшүүгө азырынча эрте”

Эксперт, коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Мурат Бейшенов "Талибан" менен сүйлөшүүгө азырынча эрте экенин айтты. --"Эртеби, кечпи эл аралык коомчулук талибдерди тааныса керек. Бирок Орусия...

Кара-Кечеге барган айдоочулар нааразы. Көмүр айрымдарына гана берилүүдө (видео)

Социалдык тармакта Кара-Кече көмүр кенинде тартылган видео жайылтылууда. Айдоочулардын айтымында, аларга көмүр жүктөөгө уруксат берилбей жатат. "Мына элдер чогулуп алып, кайрадан бунт кылып атат....

Президент рэпер Тата Уланга атайын кол саат белек кылды. Эмне үчүн?

Рэпер Тата Улан президенттен белек алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook социалдык баракчасында бөлүштү. Ал Садыр Жапаровду сындаганы менен, президент ага атайын кол саат белек...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...