-1.9 C
Бишкек
Понедельник, 24 января, 2022

ЖАМКнын кызматкерин видеокайрылуудан кийин жумушунан кетиришкен

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) кызматкери Акжол Раимбердиев өзүнүн видеокайрылуусунда, биринчи видеокайрылууну жасагандан кийин жумушунан айдалып кеткенин айтып берген. Алгачкы видеосунда ал Садыр Жапаровго кайрылып, №31- колонияда камактагыларды кыйнаганын жана андагы коррупция жөнүндө айтып берген болчу.

Анын айтымында, ал күндөгүдөй эле Петровка айлындагы ЖАМКнын №31- колониясына келген. Бирок жумуштан бошотулгандыгы тууралуу буйрук чыгып, аны ишке киргизбей коюшкан.

“Дагы эки жума иштейсиң дешкен, бирок бүгүн кетирип салышты. Мен №31-мекемеде коррупциялык иштерди айтып чыкканым үчүн кетирип салышты. Президентке кайрылгам да”, – деп Раимбердиев арызданды.

Анын айтымында ЖАМКда бир нече адам чогулуп эле жумуштан алып салуу чечимин кабыл алышкан.

“Ошол иштерди айтпай эле койсом болмок экен, деген ойдомун азыр. Президентке ишенгем, коррупцияны жебуз, коррупцияны жоготобуз, деп кайра-кайра сүйлөп атса, чара көрөт го деп ойлогом да. Президенттин өзүнүн деле сөзу бар. Соцтармактарга кайрылгыла деген. Анан ошол соцтармакка кайрылганым үчун жумуштан кетирип салышты. Жаап-жашырып эле жүрө бериш керек экен. Мына, жаап-жашыргандар иштеп эле жатышат. Мен ушул күндөн тартып Садыр Нургожоевичтин саясатын колдобойм”, – деп ЖАМКнын экс-кызматкери белгиледи.

Анын айтымында, ЖАМКнын кызматкерлери камактагыларга өздөру телефон алып киришчү, андан кийин кайра тартып алып, ШИЗОго камап салышчу.

“Колонияда ур-токмокко алынган бала Нарындык болчу. Мен аны тааныбайм, бирок ЖАМКнын жетекчилиги мени анын досу кылып коюшту. Мен болгону ага боорум ооруду, ошондуктан айтып бергем. Аны жипке илип алып, шылдыңдашкан. Бирок президенттен эч кандай реакция болгон жок. Бизде адилеттүүлук жок экен”, – деген бүтүмго Акжол Раимбердиев келген.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Аялдын күйөөсү келип калган. Терезеге такалып калган эркектин окуясы

27-апрелде Бишкек шаарындагы Улан-2 кичи районундагы батирдин терезесинин торуна кыпчылып калган киши куткарылганы маалымдалган. Көп өтпөй Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы окуянын чоо-жайын айтты. 2021-жылдын...

Чолпонбек Абыкеев: «Жакынкы арада өлкөдө «кээ бир окуялар» болот»

Жакын арада өлкөдө айрым окуялар оруна алат. Бул тууралуу мамкатчы Чолпонбек Абыкеев Биринчи радионун эфиринде билдирди. «Митингдер болот деген чакырыктар бар. Бул адамдар алдын алуу үчүн...

“Баары калп, түрмө менен коркутканы өтпөйт!” Жанар Акаев чукул кайрылуу жасады

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат деген айыптарга  кайрылуу жасады.    

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...