1.1 C
Бишкек
Вторник, 7 декабря, 2021

Жапаров: Сот системасынын аброю төмөн деңгээлге түшүп кеткенине судьялар күнөөлүү

«Соттун калыстыгына, ишбилгилигине, адилеттүүлүгүнө көлөкө түшүрө турган аракеттерди жасоо, судьялардын жүрүм-турумунун этикалык нормаларын бузуу жана башка ушундай терс көрүнүштөр жеке судьянын гана аброюна шек келтирбестен, жалпы мамлекеттин беделине дагы шек келтирет», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада сот корпусунун алдында сүйлөп жатып.

— Мамлекет башчысынын белгилешинче, Кыргызстан мыйзам жоболору урматталган жана кынтыксыз аткарылган темирдей тартипке, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн, ошол жоопкерчилиги үчүн калың элдин алдында жооп бере алгыдай бийилик системасына муктаж.

— Ал мындай системаны куруу башка мамлекеттик бийлик бутактарынан көз карандысыз, күчтүү жана ачык-айкын сот бийлигин түзүү менен түздөн-түз байланышта экенин, сот системасынын азыркы абалы жана аброю, эч кимге сыр эмес, мурда болуп көрбөгөндөй өтө төмөн деңгээлге чейин түшүп кеткенин баса белгиледи.

 «Буга биринчиден судьялар өздөрү күнөөлүү. Ошондуктан, бүгүн мен соттордун айланасында түзүлгөн жакшы эмес кырдаалды жеңүү, судьялар менен байланышкан терс көрүнүштөрдү жоюу, жалпы системаны туңгуюктан чыгарып, алдыга жылдыруу жана судьялардын көз карандысыздыган бекемдөө жолдору тууралуу сиздер менен бетме-бет ачык сүйлөшкөнү келдим. Албетте бул сөздөр кесиптик майрам күнү анчалык деле жагымдуу эмес болушу мүмкүн. Бирок тандап отурууга убакыт жок, элдин үмүтү менен ишеничин актоого мезгил келип жетти жана көптөн бери чогулуп келген көйгөйлөрдү тезинен биргеликте, жапа тырмак чечүүгө милдеттүүбүз. Болбосо тарых бизди кечирбейт!», — деп билдирди Садыр Жапаров.

— Президент жакынкы арада жаңы Конституция кабыл алынып, мамлекетибизде конституциялык чоң реформалар ишке ашырыларына токтолду.

«Алардын алкагында соттук-укуктук реформа боюнча дагы алгылыктуу иштер кечиктирилгис шартта аткарылууга жатат, себеби өзүнүн чечимдери менен соттор жашоонун бардык жактарына таасир этет жана биз декларативдүү түрдө эмес, реалдуу түрдө сот тутумунун өнүгүүсүнүнө зарыл болгон институционалдык жана укуктук-ченемдик негиздерди түзүп беришибиз керек», — деди Мамлекет башчысы.

— Анын айтымында, сот — бул миңдеген адамдардын тагдырлары чечилип жаткан өзгөчө маанидеги мамлекеттик институт болгон соң, соттук каталарды кетирбөө, текеберлик менен коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана алар менен чындап күрөшүү өтө зарыл.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Министр: “Уу коргошунду кыздарга берген жокпуз…”

Уу коргошун кыздарга бериле элек. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында учурда уу коргошун коронавирус менен ооругандарга берилүүдө. “Кыздарга...

Зулушев Асановго жана Молдокматовго козголгон иштер боюнча пикирин айтты

Башкы прокуратура ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго жана оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовго карата козголгон иштердин жүйөсү бар экенин билдирди. 22-сентябрда Жогорку...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...