-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Жапаров: Токтогулдагы сууну биз сугатка пайдаланбайбыз, Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат

Токтогулдагы сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат. Биз электр кубатына гана пайдаланабыз. Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, “Токтогулдагы” суубуз кышка кеңири жетет. Бирок жаздан баштап кайра күзгө чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон кеңешмеде билдирди.

Анын айтканына караганда учурда азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатат.

«Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык, электр энергиясын берип жатышат. Биз электр энергияны кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле импорттоп жаткан жокпуз. 2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясы импорттолуп келет экен.

2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казнадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка жол берген жокмун. Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз. Менин тапшырмам менен энергетика министри элден “күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, “Токтогулдагы” суубузду сактап калалы” деп суранды. Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат. Биз электр кубатына гана пайдаланабыз. Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, “Токтогулдагы” суубуз кышка кеңири жетет. Бирок жаздан баштап кайра күзгө чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот. Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат. Ошондуктан алар да бизге электроэнергиядан, ун буудай, жана башка азык-түлүктөн жардам берип жатат. Алсак, кечээ жакында эле Казакстан 10 миң тонна ун жана башка азык-түлүктөн жардам беришти. Өзбекстан 3 миң тонна ун жана башка азык-түлүктөн жардам беришти. Биз өзүбүздү азык-түлүк менен толук камсыздай албайбыз.
Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат»,-деди президент.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Үчүнчү баласын төрөгөн Айганыш көз жумду. Жакындары милицияга арыз жазышты (видео)

21-октябрь күнү кечинде Ош облустук төрөт үйүнүн жандандыруу бөлүмүндө каза болгон 25 жаштагы Эсенбек кызы Айганыштын жакындары анын өлүмүнө себепкер болгон Кара-Суу райондук төрөтканасынын...

Тапанчадан ок чыгарып көңүл ачкандар изделүүдө

Панораманын аймагында түну белгисиз жаштар тапанчадан ок чыгарышкан. Бул тууралуу тапанча колдонгондордун бири видео тасманы интернет тармагына салган. Маалыматта, 11-октябрь түнү Аламүдүн районуна караштуу Панорама...

Алымкадыр Бейшеналиев:»Диагностикалык борбор эми балдарды кабыл алат»

Диагностикалык борбору эми балдар ооруканасы болот. Бул тууралуу Какtus.mediaсы окурмандын катына шилтеме берип жазып чыкты. Маалыматта, учурда диагностика борборунун бешинчи жана төртүнчү кабаты дарыгерлерден бошотулуп,...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...