-3.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Жергиликтүү бийлик: Эл Жапаров менен Ташиевди жакшы көргөндүктөн көчөгө тизилип алган

Сузак районунун жана Барпы айылынын администрациясы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылга келип кетүүсү боюнча комментарий беришти.

Райондун акими Баратбек Сыдыкназаровдун айтымында, калк өз каалоосу менен президенттик кортежди тосуп алууга чыккан.

“Бул элдин демилгеси. Дем алыш күн болчу. Азыр мурунку заман жок, элди кыйнай албайсың. Биз элге түшүндүрүп айттык, президент токтобойт, эл чогулса деле жөн гана өтүп кетет, деп. Бирок айылдыктар токтоп, эл менен учурашат деп ойлосо керек. Айыл аксакалдары силердин тиешеңер жок, биз Камчыбек Кыдыршаевич менен Садыр Нургожоевичти жакшы көрөбүз. Биз ушинтип сый урмат көрсөттүк дешти. Айыл өкмөтү мугалимдерди, бюджетниктерди кантип чыгарат? Жөн гана эл сый-урмат көрсөттү”, – деди райондун акими.

Барпы айылынын башчысы Нурлан Сейитбековдун айтымында элдер өздөрү тизилип алышкан.

“Биз азыр тактап атабыз. Кечээ, президентти Барпы айылына келет экен, мечитке келет, президентти көрөбүз, деп элдер чогулуп атыптыр. Мен бул жерде эмне турасыңар, бул жерге турбагыла дедим. Анан эл, жок, президентти кандай киши экенин көрөлү, мамлекетти көтөрүп жатса, жакындан көрөлү, токтоп калса, сүйлөшөлү дешти. Мен кетип калгам. Айыл өкмөттү бюджетниктер укпайт. Мугалимдер, дарыгерлер бизден көз каранды эмес. Биз аларды мажбурлай албайбыз”, – деди Сейитбеков.

Ал эми жолдун боюнча тизилип алгандарга ким желек тараткан деген суроого “дүкөндөн сатып алшса керек” деп жооп берди.

Эске салсак, кечээ, 19-декабрда президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барып, бир катар объектилерге баш баккан. Ошондой эле Барпы йылындагы Чубак ажы Жалилов атынжагы мечитке да барышкан. Барпы айылы Камчыбек Ташиевдин кичи мекени.

Социалдык тармактарга видео жайылып, анда элдер жолдун эки тарабына катар тизилип алып, өтүп бараткан кортежди желектери менен булгалап тосуп алганын көрүүго болот. Айрым маалыматтар боюнча бул жергиликтүү бийликтин буйругу болчу. Президенттин администрациясы окуянын чоо-жайы иликтенет деп убада берди.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Бишкектин административдик соту БШКнын Жанар Акаев боюнча токтомун жокко чыгарды

21-декабрда Бишкектин административдик сотунун судьясы Чынара Досмамбетова Боршайкомдун токтомун жокко чыгарды. Ал токтом боюнча парлментте аялдардын мандатын бөлүштүрүү өзгөртүлгөн болчу. Тема боюнча:БШК өзгөртүүлөрдү бекитти....

Call-борбор: “Ысык-Көл” мейманкнасын бузуп жатышабы? Фото

Маалыматты сall-борборго окурман жөнөткөн. "Ысык-Көл" мейманканасынан жумушчулар бир нече күндөн бери эмеректерди ташып чыгарып жатышат. Биз эмне болуп жатат, деп сурасак, демонтаж иштери башталды...

Москвада кыргыз курьер кыз наркотикалык зат ташыганы үчүн соттолду

2020-жылдын 14-сентябрь күнү Домодедово аэропорт жактагы токойдон кыргыз кыз мефедрон деген наркотикалык затты Москвага алып келип, ошол эле күнү саат үчтөрдө полиция кызматкерлери тарабынан...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...