10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

Жигитим “аның ар ким менен жүргөн” деген сөздөргө ишенип тоюбузду бузду

Бул окуя төрт жыл мурун болгон. Канча деген көз жашым төгүлдү. Атам менен апама чоң рахмат. “Кызым, биз сага ишенебиз”, “эмне гана болбосун сени жакшы көрөбүз” деген сөздөрү эле мени дарылады. Курбуларым менден баш тартканына эмне дейсиңер.

Экөөбүз эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Бул арада урушуп, кайра жарашкан күндөрүбүз көп эле болду. Акыркы убактарда тил табышып, баш кошолу деп калганбыз. Анан эле бул окуя болуп кетти.

Айылына тойго даярданганы кеткен. Ага чейин ата-энеси мага сөйкө салып, атам менен апамдар болуп той күнүн белгилешкен. Менден өткөн бактылуу кыз жок эле. Көйнөктөрүмдү тандап, салондорго жазылдым. Күн сайын жигитим менен чалышып сүйлөшөбүз. Ал дагы үйүн бүтүп калганын, жакын арада базарга түшүп мал аларын айтып  жатты.

Тойго туптуура төрт күн калганда чалды.

– Жаным, угуп жатам. Жакшы уктап турдуңбу? Бүгүн көйнөгүмдү алып келишет. Тигип бүтүшүптүр. Сага сүрөтүн жөнөтөм, э?

– Сен кыз эмес турбайсыңбы?

– Түшүнбөдүм?

– Той болбойт.

Трубканы коюп салды. Чалсам телефонун өчүрүп коюптур. Эмне кылышты билбей туруп калдым.

Ак жерден мени бирөөлөр күнөөлөшүп, жигитиме ар ким менне жүргөн деп айтып коюшуптур. Жигитимдин мага эмес, башкаларга ишенгенине ыза болдум. Ооруп жатып калдым. Атам мага кошулуп ыйлайт. “Андай жигитке тийбей эле койчу кызым, оорубачы кызым, ыйлабачы кызым” деп жаныман чыкпайт.

Кечинде жатып эмнеге ушундай адам үчүн кыйналам? Кайра сүйүнүп, жыргасам болот да туурабы? Кайдагы ушактарга ишенип ушинтип жатса, кийин мындан дагы жаман болмок го. Жок, мен өзүмдү сүйөм, минтип ата-энемди азапка салбайм.

Таң эрте ойгонуп жуундум. Курсагым аябай ачыптыр. Жумуртка кууруп алып жеп отурсам, атам менен апам кирип келип калды. Мени көрүп аябай сүйүнүштү.

Мен бул окуяны азыр күлүп эстейм. Ошондо менден баш тартып, группалардан чыгарып койгон кыздарыма дагы рахмат. Эң негизгиси жигитиме рахмат. Бир-экөөнү жолуктурдум. Бактылуу болуп кетишкенин көрбөдүм. Менин жыргап жүргөнүмдү көрүшүп, көздөрүнөн көрө албастыктын оту чачырады.

Баса, азыр жигитим бар. Мени сыйлайт, сүйөт. Экөөбүз жакын арада баш кошуп, чет өлкөгө окууга тапшырганы кеткени жатабыз. Ата-энеси менен таанышкам. Билимдүү, заманбап адамдар экен. Сөздөн-сөз чыгып башымдан өткөн окуямды айтып бердим. “Сынып калбаган азамат кыз экенсиң” дешти. Жигитим “муну атам берди” же “апам сага берип жиберди” деп күн сайын ар нерсе алып келет. Кудуңдап жаш баладай сүйүнөм.

Мен бул окуядан кийин өзүмдү биринчи орунга койгонду үйрөндүм. Мурда ар кимдин көңүлүн карап, жакшы көрүнгөнгө аракет кылып жүрчүмүн. Анын эч кандай пайдасы жок экен.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Шайыр Касымалиева: “Бут тосуп, жалганды чындай курап, мени чыйралтканыңарга ыраазымын”

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева жашоосундагы артта кыйын күндөрүнө жана  адамдардын ар түрдүү жазаган мамилелерине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өздүк баракчасына жазды. “Көр...

Ала качып барган жарандын балдары аялы болгон

Кыз ала качам деп 220 мин айып пулга жыгылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун өкүму чыкты. Алардын маалыматында окуя Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда болгон. Анда...

Спираль койдуруу рак оорусун чакырабы? Акушер-гинеколог менен маек

Аида Арстанбекова борборубуздагы жеке клиникалардын биринде акушер-гинеколог болуп эмгектенет. Ал бизге маек куруп жатып, гинекологиялык оорулардын түрлөрү, аны кантип дарылоо керектиги жана практикасында кездешкен...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...