-2.9 C
Бишкек
Пятница, 14 января, 2022

Жыныстык катнашты видеого тартып, коркуткан: Түптө окуучу кыз зордукталды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы мектепте 7-класста билим алган окуучу кызды кошуна айылдын балдары зордуктап, жабырлануучу сабакка келбей жаткандыгын мугалимдер билдиришти.

Мектепте эмгектенген социалдык мугалимдин айтымында, Баяна (аты-жөнү өзгөртүлдү) бул мектепте 5-класстан баштап билим алып келген. Быйыл 1-чейректе сабакка келбей калган Баянанын үйүнө барганда, ата-энеси айылдаштары зордуктагандыгын билдирген.

«Баяна 4-класска чейин ата-энесинин колунда болгон. Андан соң башка айылда жашаган таята жана таенесинин карамагына өткөн. Мектепте орто окуучу, мүнөзү токтоо эле. Быйылкы окуу жылы башталганда, сабакты көп калтырып, бизге башка мектепке которулду деген маалыматтар келди. Ушундан улам мектеп мугалимдери, айылдык кеңештин депутаттары менен бирге үйүнө барып кабар алганыбызда, 22-ноябрь күнү ата-энеси кызы зордукталгандыгын айтышты. Баянанын айтымында, мектеп жашындагы балдар жыныстык катнашты видеого тартып, кийин опузалаган», – деди социалдык мугалим.

Бул факт боюнча тергөө жүрүп жаткандыгын райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Сейит Абдылдаев билдирди.

«Окуучу кыздын айтымында, бул окуя үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде болгон экен. Айылдагы мектеп жашындагы балдар зордуктаса, кийин таякеси да күч колдонгон. Азыркы тапта бул маалымат канчалык чындыкка дал келери тергөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот. Учурда окуучу кыз убактылуу мектепке келбей, ата-энесинин көзөмөлүндө болуп жатат», – деди С.Абдылдаев.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Скутердин айынан чет өлкөлүк жарандын сабалган видеосу тарады

Ысык-Көлдө чет өлкөлүк жаранды скутердин ээси сабап жаткан видео соц.тармактарда тарады. Видеонун авторунун айтымында чет элдик жаран скутердин бузулганынан улам ур-токмокко алынган. Маалыматка ылайык, Чет...

Кыргызстандагы жол кырсыктар күнүнө үч адамдын өмүрүн алат

Айдоочулардын арасында коомду жол кырсыктарынан коргоо боюнча эч кандай иштер жүргүзүлбөй жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев Бүткүл...

Өзбекстан Орусиядан бир миллион гектар жерди ижарага алат

Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги Орусиядан бир миллион гектар жерди ижарага алып, соя жана буудай өстүрүүнү көздөп жатат. Тараптар азырынча 35 миң гектарды тесттен өткөрүүнү...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...